«МАНАС ТААНУУ» ТАЙМАШЫНЫН ОБЛУСТУК ТУРУ ОНЛАЙН ФОРМАТЫНДА ӨТТҮ

  • 13.07.2020
  • 0

Ысык-Көлдө окуучулар арасында «Манас таануу» таймашынын облустук туру онлайн режиминде өттү. Бул тууралуу Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Гүлбара Абдылдаева билдирди.

— Иш-чарага Түп районунан Б.Королиев атындагы Чоң-Таш, М.Темиров атындагы Корумду жана Ш.Султанов атындагы Ой-Тал орто мектептеринин окуучулары катышты.

Жыйынтыгында Ш.Султанов мектебинин командасы 1-орунду ээлеп, таймаштын республикалык туруна катышууга жолдомо алды, — деди Г.Абдылдаева.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер