“МАНАС ТААНУУ” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТЕЛЕТАЙМАШТА БАШ БАЙГЕ ТАЛАСКА КЕТТИ
- 13.10.2025
- 0
2025-жылдын жылдын 7-8- октябрында Бишкек шаарында «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын республикалык туру өткөрүлдү.



Республикалык таймашка окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерден Талас облустук турдун жыйынтыгы менен жолдомо утуп алган Талас шаарындагы Р.Я.Рысакова атындагы N2 орто мектебинин командасы катышып, жыйынтыгында БАШ БАЙГЕНИ утуп алышты. Байге ээлерине жана топту даярдаган мугалимине (Нурила Сатаева) уюштуруучулар тарабынан ноутбуктар, дипломдор ж.б. белектер тапшырылды.


Ошондой эле Талас районундагы Т.Кушчубаева атындагы орто мектебинен катышкан топтун мүчөсү Нурланов Бекбол таймашта мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн манасчы Салимбай Турсунбаев атындагы сыйлыктын ээси болду. Манасчынын үй-бүлөсүнүн атынан Бекболго диплом, азыркы үлгүдөгү планшет белекке берилди.
Сыйлыгыңыздар куттуу болсун! Азаматсыздар!
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер