“МАНАС ТААНУУ” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУНУН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

  • 07.12.2023
  • 0

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү  Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосун жайылтуу, өркүндөтүүнү натыйжалуу камсыз кылуу максатында жана “4-декабрь — “Манас” эпосунун күнүнө” карата «Манас таануу» интеллектуалдык  сынагын уюштурду.

“МАНАС ТААНУУ” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУНУН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Маалыматка таянсак, интеллектуалдык  сынакка жалпы орто мектептердин 7-11-класстарынын  окуучулары катышты.

“МАНАС ТААНУУ” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУНУН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

“Манас таануу” интеллектуалдык оюнунун жүрүшү үч бөлүмдөн турду:  Ураан чакыруу бөлүмү  (саламдашуу, таанышуу 1 минута); үчилтик бөлүмү (топторго суроолор берилет Манас, Семетей, Сейтек) жана өз ара суроо берүү  бөлүмү  (даярдап келген суроолорун бири-бирине беришти).

«Манас таануу» интеллектуалдык  сынагынын жыйынтыгында I орунга   А. Турдакунов атындагы орто мектебинен келген “Ария” тобу, II орунду А. Абдраимов атындагы орто мектебинен келген “Аруу Нур” тобу менен Мейманов атындагы орто мектебинен келген “Айкөл Манас” тобу, III орунга Н. Жыргалбекова   атындагы орто мектебинен келген “Чилтен” тобу,  Б. Календеров атындагы орто мектебинен келген “Алтын казына” тобу жана М. Баетов атындагы орто мектебинен келеген “Кыраан Манас” тобу орундарды камсыздап, жигердүү катышкан топторго  диплом жана китептер тапшырылды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер