Манас шаарындагы мектепте аскерге чейинки даярдоо каанасы ачылды
- 19.12.2025
- 0
Манас шаарындагы №19 Иманалы Сатыбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде аскерге чейинки даярдоо каанасы ачылды.
Бул АЧД каанасын ачууга Эшанкулов Жайлообай жетектеген»Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмеси демилгечи болду, ал эми демөөрчү Кугарт жаштар бирикмесинин жетекчиси Расул Кадыров болду.
Аталган мектептин директору Нуржамал Рустамова салтанаттуу иш чараны жогорку даражада уюштурду. Бул иш чарага Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, укуктук жардам кызматынын Жалал-Абад облусунун бөлүм башчысы Акбар Эрматов, «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин төрагасы Жайлообай Эшанкулов, Талас-Ош-Жалал-Абад Баткен облустары боюнча координатору, полковник Маматсабыр Матибраимов, «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин Баткен облустук төрагасы Тынычбек Массаитов, коомдук бирикмесинин аймактык өкүлү Сайдумар Жороев, бирикменин мүчөсү, запастагы капитан Гулзина Акматова ж.б катышты.
Аскерге чейинки даярдык каанасын ачуунун максаты — жаштарды Мекенди сүйүүгө, Мекенди коргоого, аскердик милдетти так аткарууга даярдоо.
«Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмеси 13 жылдын ичинде өлкө боюнча 19 АЧД каанасын ачышкан, бул жыйырманчысы болуп калды.













Комментарийлер