МАНАС ШААРЫНДАГЫ “АКЫЛМАН” ЛИЦЕЙИ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ
- 20.08.2026
- 0
Манас шаарында курулуп жаткан Президенттик “Акылман” лицейинин курулушу 90 пайызга аткарылды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев объекттеги иштердин жүрүшү менен таанышты.


Үч кабаттуу негизги окуу имараты 360 окуучуга ылайыкталып, анда 34 окуу классы, ашкана, спорт зал, китепкана жана 280 орундуу жыйындар залы болот.
Мындан тышкары, лицейде 25 метрлик, 4 жолдуу жабык бассейн жана 410 орундуу жатакана каралган. Мугалимдер үчүн 25 батирлүү турак жай да курулууда.
Объектти жаңы окуу жылында пайдаланууга берүү пландалууда.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер