«МАНАС СҮРӨТТӨ»

  • 17.12.2019
  • 0

12-декабрь – улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Манас сүрөттө” аттуу кыргыз тилиндеги китептин бет ачары болду.

"МАНАС СҮРӨТТӨ"

Аземде Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева кандай гана заман болбосун бардык учурда маданий байлык, руханий дөөлөт, тарыхый жана адабий мурастар өлкөнүн мамлекет катары жетилүүсүндөгү негизги уютку экенин белгиледи.

— Кыргыздар кылымдар бою жашаган узак өмүрүндө алтын, күмүш деген сыяктуу көр оокат, байлык чогулткан эмес, “Манастай” улуу дастандарды жаратып, руханий байлык топтогон. “Манас” эпосубуз элибиздин маданий көрөңгөсү, уюткусу катары бааланып, эпостогу маалыматтар жомокторубузда, оймо-чийме саймаларыбызда, ыр-күүлөрүбүздө сакталып, калкты шамдагайлык, чыдамкайлыкка каныктырган ат менен жана жөө улуттук оюндарыбызда көчмөндөр цивилизациясы деп аталган улуу да, катаал жана татаал да бай доордун тарыхы жатат. Ал байлыкты ооздон оозго, муундан муунга жеткирип, кыргыздар өзүн-өзү жоготпос үчүн үрп-адатын, салтын, тарыхын, дүнүйө таануу өзгөчөлүгүн, тилин сактап, мекенин коргоп, эрдикти, эркиндикти, үмүттүү жашоону, ынтымак, ыймандуулукту даңазалап келген. “Манас” эпосу — кыргыз элинин байыртадан келаткан тарыхый мурасынын оозеки көркөм жылнаамасы гана болбостон, руханий жана философиялык дымагын, душмандардан коргонуу жана жеңе билүү мүмкүнчүлүгүнүн, күч-кубатынын, дүйнөнү дүңгүрөткөн зор окуяларды башынан өткөргөн тагдырынын өзгөчө системасын баяндаган чыгарма, кыргыздарда конституция жөнүндө түшүнүк жок кезде “Манас” эпосу баш мыйзамдын милдетин аткарган, улуттук идеологияны да камтыган, — деди экс-президент.

Р.Отунбаева келген конокторго ыраазычылык билдирүү менен келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады.

Китепти жаратуучулар окурмандардын эпостогу маалыматтарды тез жана кызыгуу менен жеңил кабыл алуусун көздөп, жапондордун манга сүрөт жанрын колдонушкан. Китеп Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаков, Жусуп Мамай сыяктуу улуу манасчылардын айтуусундагы “Манас” эпосунун варианттары менен Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл Жазуучусу Бексултан Жакиевдин нуска жана кыска мазмундуу кыскартып жазылган тексттеринен жана иллюстрациялардан турат. Ал эми тексттерге карата сүрөттөрдү Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт академиясынын доценти, белгилүү сүрөтчү Замир Илипов тарткан. Түшүндүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын белгилүү “Манас” изилдөөчү окумуштуулары Раиса Кыдырбаева жана Асел Исаева түзгөн.

Китеп толук түстүү, 23 бөлүмдөн, 380 сүрөттөн жана түшүндүрмөдөн турат.

Белгилей кетсек, буга чейин фонд тарабынан улуу эпосту орус тилдүү окурмандарга жеткиликтүү кылуу максатында “Манас в рисунках” китеби 2016-жылы орус тилинде жарык көргөн.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер