ОШ ШААРЫНДА 10 ЖАҢЫ МЕКТЕП КУРУЛУП ЖАТАТ
- 31.07.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 30-июлда Ош шаарына жумушчу сапары менен барды. Иш сапардын башкы максаты — түштүк калаадагы социалдык объектилердин, өзгөчө билим берүү мекемелеринин курулуш жүрүшүн жеринен көзөмөлдөө болуп саналат.
Жумушчу сапардын алкагында министр тиешелүү тармактык жетекчилер жана адистердин катышуусунда жумушчу жыйын өткөрүп, аткарылып жаткан иштер боюнча отчетторду укту. Андан соң курулуп жаткан объектилерди жеринен кыдырып, курулуш материалдарынын сапатына, курулуш тартибине, эмгектин уюштурулушуна жана тартылган жумушчулардын санына басым жасады.
Белгилей кетсек, Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, учурда Ош шаары боюнча 10 жаңы мектеп жана окуу корпустары курулуп жатат. Алар:
С. Жигитов атындагы №2 орто мектеби (мурунку К. Маркс атындагы) — 1200 орундуу, 5 блокту камтыган 4 кабаттуу жаңы имарат;
С. Алымкулов атындагы №33 орто мектеби — 312 орундуу, 2 блокдон турган 3 кабаттуу окуу корпусу;
Ж. Бөкөнбаев атындагы мектеп — 750 орундуу, 7 блокдон турган 3 кабаттуу окуу корпусу;
М. В. Ломоносов атындагы №3 орто мектеби — эски имараттын ордуна 1000 орундуу, 4 блоктуу, жертөлөсү каралган 4 кабаттуу жаңы мектеп;
Ак-Буура конушу — 800 орундуу, 5 блоктуу, 3 кабаттуу жаңы мектеп;
Ишкаван айылы — 700 орундуу, 5 блокдон турган 3 кабаттуу мектеп;
Сары-Зоо тилкеси (Кызыл-Кыштак а/а) — 528 орундуу, 5 блоктуу, 3 кабаттуу мектеп;
Б. Алыкулов атындагы орто мектеп (Манас-Ата МҮБ) — 1200 орундуу, 5 блокдон турган 4 кабаттуу жаңы окуу корпусу;
Эне-Сай жаңы конушу — 1000 орундуу, 2 блоктуу, 3 кабаттуу жаңы мектеп;
Сүрөттүү-Таш айылы (Кызыл-Кыштак а/а) — 500 орундуу, 6 блокдон турган 2 кабаттуу мектеп.
Текшерүүнүн жыйынтыгында министр Нурдан Орунтаев тиешелүү жетекчилерге курулуш иштеринин сапатын дайыма көзөмөлдөп, объектилерди бекитилген графике ылайык өз убагында пайдаланууга берүү тапшырмасын жүктөдү.
Бул социалдык объектилердин ишке кириши түштүк калаанын билим берүү инфраструктурасын олуттуу чыңдап, миңдеген окуучуларга эл аралык стандарттарга жооп берген, коопсуз жана заманбап шартта билим алууга мүмкүндүк берет.
А.К., «КБ»
Комментарийлер