БИШКЕК: КӨК-ЖАР КОНУШУНДА 500 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП КОРПУСУНУН КУРУЛУШУ ЖҮРҮҮДӨ
- 31.07.2026
- 0
Борбор калаада билим берүү мекемелерине болгон муктаждыкты жоюу жана социалдык инфраструктураны жакшыртуу багытында иштер улантылууда. Анын алкагында Курулуш министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы №88 мектептин жанына 500 окуучуга ылайыкталган жаңы окуу корпусу курулууда.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталган. Учурда үч кабаттуу имараттын курулушу кызуу жүрүп, терезелери орнотулуп, ички шыбак иштери аткарылууда жана чатыры жабылууда.
Башкы планга ылайык, имарат заманбап үлгүдө тургузулуп, окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган. Жалпы аянты 5 525 чарчы метрди түзгөн жаңы окуу корпусунда: окуу класстары жана лабораториялар, китепкана жана ашкана, жыйындар залы жана эмгекке окутуу кабинеттери, бардык талаптарга жооп берген заманбап спорт залы жайгашат.
Курулуш-монтаждоо иштери Курулуш министрлигинин тиешелүү департаменттеринин көзөмөлү астында жүргүзүлүп, объекттин сапаты үзгүлтүксүз текшерилип жатат.
Белгилей кетсек, утурлап жасалып жаткан бул аракеттердин натыйжасында Курулуш министрлиги тарабынан шаарда жалпысынан 20 жаңы мектеп курулууда.
А.К., «КБ»
Комментарийлер