«АЙКӨЛ МАНАС» МЕКТЕБИ — АГАРТУУ ЖААТЫНДАГЫ БООРДОШТУК СИМВОЛУ

  • 31.07.2026
  • 0

Бүгүн, 31-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин сүйлөшүүлөрү болуп өттү.  «АЙКӨЛ МАНАС» МЕКТЕБИ — АГАРТУУ ЖААТЫНДАГЫ БООРДОШТУК СИМВОЛУЖолугушууда Садыр Жапаров экономика, инвестиция, транспорт, энергетика, билим берүү жана башка багыттар боюнча өз ара кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюу өзгөчө мааниге ээ, ал эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калат.

Өз кезегинде Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү, экономикалык потенциалын чыңдоодогу жана өлкөнүн эл аралык аброюн жогорулатуудагы олуттуу ийгиликтерине токтолду. Азербайжан тарабынан Карабахтын Агдам районунда белек катары курулган «Айкөл Манас» атындагы орто мектеп эки элдин агартуу жаатындагы боордоштук символу катары жогору бааланды.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер