“МАНАС” ОРДЕНДҮҮ ДИРЕКТОРДУН МЕКТЕБИ

  • 15.01.2020
  • 0

«Чолпон» орто мектебине биз барган учурда олимпиаданын райондук турунун үстүнөн чыктык. Окуу-материалдык шарты жакшы болгон үчүн билим сынагы жана башка чоң иш чаралар ушул мектепте өткөрүлөт. Директор Махира Умаровна Абдукаримова бизди эшик алдынан кучак жайып тосуп алып, мектебин кыдыртып бардык жетишкендигин көрсөттү.

“МАНАС” ОРДЕНДҮҮ ДИРЕКТОРДУН МЕКТЕБИ

Махира эжени биз мурда облустук билим берүү башкармалыгында жетекчи болуп жүргөндөн бери жакшы тааныйт элек. Облустук башкармалык жоюлганда ушул «Чолпон» мектебине директор болуп келип, бардык акыл күчүн жана бай тажрыйбасын жумшап эмгек кылууда.

2017-жылы билим берүүдөгү көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана жетишкендиктери үчүн президентибиз аны “Манас” ордени менен сыйлады. Бул райондо мындан жогорку сыйлык алган башка эч ким жок. Ошондуктан анын мектебинде окуу-тарбиялык иштердин деңгээли жогору деп күткөн элек. Мектепти кыдырып жүрүп, анын алыска угулган атагы менен жетишкендиктерине өзүбүз да күбө болдук.

“МАНАС” ОРДЕНДҮҮ ДИРЕКТОРДУН МЕКТЕБИ

Көп тилде билим берүүнүн ресурстук борбору

«Чолпон» мектеби көп тилдүү билим берүү долбоору менен эң натыйжалуу иштеген райондогу ресурстук борбор. Мурда жалаң өзбек тилде окутуп келген мектеп соңку жылдары өзбек тили менен катар кыргыз жана орус тилдеринде да билим берүүгө өткөн. Барган сайын өзбек тилиндеги класстагы окуучулар азайып, кыргыз жана орус класстарында көбөйүп жатканы байкалат. Бул өзгөрүүлөр өз кезегинде мектептеги өзбек тилдүү мугалимдердин алдына тезинен кыргыз жана орус тилдерин тийиштүү деңгээлде окуп билүү талабын койду. Бул үчүн сырттан мугалим чакырышкан жок, мектептеги кыргыз жана орус тилдүү мугалимдер эле өздөрү окутуп баштады. Анын үстүнө мектепте 54 мугалимдин ичинде кыргыз тилдүү беш гана мугалим бар эле. Эми ошол беш мугалим калган кесиптештерине тил үйрөтүүдө. Тилди билүү олуттуу талап болуп коюлду, ошондуктан ай сайын өзбек тилдүү мугалимдердин кыргыз жана орус тилдерин билүү деңгээли текшерилип жатты.

“Себеби ата-энелер бизге балдарын кыргыз жана орус класска берип жатат да. Мугалимди табыш кыйын, ошондуктан мугалимдерге кыргыз жана орус тилин сабак окута турган деңгээлде үйрөн деп айтып атабыз. Ошондой эле педагогика-психология боюнча компьютерден тест тапшырып жатышат”,-дейт директор.

“МАНАС” ОРДЕНДҮҮ ДИРЕКТОРДУН МЕКТЕБИ

Көп тилде билим берүү эң оболу өзбек улутундагы окуучулар үчүн мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайына өтүүгө эң сонун даярдык болуп калды. Анткени республикадагы жогорку окуу жайларында окутуу негизинен кыргыз жана орус тилдеринде эмеспи. Эми алар бул тилдерди жеткиликтүү деңгээлде окуп, ЖРТ жакшы көрсөткүчтөр менен тапшырып, университеттерге өткөнгө жакшы мүмкүнчүлүк табышты.

“Быйыл он тогуз балабыз ОРТ тапшырды, анын он төртү окууга өттү.  Биздин үч жылдан бери 70% ашык окуучубуз босого баллдан жогору балл алып,  жогорку окуу жайына өткөнүнө байланыштуу мага “Манас” орденин беришти”,-дейт Махира Умаровна.

 

“МАНАС” ОРДЕНДҮҮ ДИРЕКТОРДУН МЕКТЕБИ

Ата-энелердин жөлөгү, демөөрчүлөрдүн көмөгү

Мектептин имараты эски, бирок анын ичинен баары жаңы көрүнөт. Терезелеринин баары жапжаңы пластикке алмашкан. Класстардын ичине коюлган мебелдер баары жаңы көрүнөт, класстык жасалгалар эстетикалык эн сонун стилде аткарылган. Компьютер коюлбаган класс жок, баарында бар. Сапаттуу Интернетке кошулган. Интерактив доскалар коюлган.

Эң орчундуу иштердин бири мектепке коюлган камералар. Камера коюлбаган класс жок. Ар бир класста эмне болуп жатканына директор өзүнүн кабинетиндеги камералар менен байкоо салып, керек болсо ар бир класс менен байланышып сүйлөшө алат. Мунун баарына чоң суммадагы каражат жумшалды, анын баары ата-энелердин жөлөгү, демөөрчүлөрдүн көмөгү болду. Мерсико сыяктуу эл аралык уюмдардын дагы колдоосу чоң болду.

“МАНАС” ОРДЕНДҮҮ ДИРЕКТОРДУН МЕКТЕБИ

Ата-энелердин каанасында дайыма иш бар

Ата-энелер менен биргелешип иштөөгө Кара-Суу районундагы мектептерде быйыл өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Башка мектептер сыяктуу эле бул мектепте дагы ата-энелер каанасы ачылган, анда ата-энелер өздөрү нөөмөт менен отуруп, социалдык педагог, балдар инспектору жана башкалар менен тыгыз иштеп көнүп калышты.

Кенжетайларга камкордук

Мектептин бир ыптасында администрациянын өзүнүн демилгеси жана ата-энелердин көмөгү менен бала бакча ачып алышты. Азыр анда эки топто 70 бала тарбия көрүүдө. Балдарга керектүү керебет жана башка эмеректерди бүт ата-энелердин көмөгү менен сатып алышты. Эмки максат – бала бакчаны өзүнчө имаратка бөлүп көчүрүп алуу. Бул үчүн жаңы бала бакчанын долбоору иштелип чыгып, аны куруунун планы каралып жаткан чагы.

“МАНАС” ОРДЕНДҮҮ ДИРЕКТОРДУН МЕКТЕБИ

Күчтүү жетекчинин мектеби да күчтүү болбой койбойт. Тажрыйбалуу, такшалган Махира Абдукаримова мелмилдеген мухитте кемесин кебелбей алга айдаган капитан сыяктуу өзүнүн кыраакы стратегиялык көз карашы менен мектепти азыркы мезгилдин шарынан калтырбай, заманбап туруктуу өнүгүү жолунда алып кетип баратат.

Кубатбек Чекиров, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер