“МАНАС” КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 01.12.2022
  • 0

“МАНАС” КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун манас таануу кафедрасы тарабынан «Манас эпосу: кечээ, бүгүн жана эртең» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

“МАНАС” КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, филология илимдеринин доктору, манас таануучу Советбек Байгазиев, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу, университеттин ректору Айгүл Абдраева жана проректорлор, окутуучулар, студенттер катышты.

“МАНАС” КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Конференцияда “Манас” эпосу боюнча илимий баяндамалар жасалып, эпостун тарбиялык мааниси, кыргыз элинин салты жана нарктуулугу, маданияты тууралуу талкуу жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 4-декабрь “Манас” күнү катары белгиленип келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер