“МАНАС” ЭПОСУ ЖАНА МАНАСЧЫЛАР ЖӨНҮНДӨ КӨРГӨЗМӨ

  • 23.01.2018
  • 0

Улуттук китепканада “Манас” эпосу жана манасчылар” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана “Манас” эпосунун тезистик кара сөз түрүндөгү китебинин бет ачары өттү. Көргөзмөнү “Саякбай манасчы” эл аралык фонду Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Улуттук китепкананын, КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен өткөрдү.

“МАНАС” ЭПОСУ ЖАНА МАНАСЧЫЛАР ЖӨНҮНДӨ КӨРГӨЗМӨ

              Көргөзмөгө “Манас” сериялары алдында  1940-1945-жылдары басмадан чыккан эпостун ар кандай эпизоддорун чагылдырган кичине форматтагы китептер, “Манас, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги коюлган. Кытайлык манасчы Жүсүп Мамайдын  Манас баатырдын сегиз муунуна чейинки айтымынын араб арибиндеги жана кыргыз алфавитиндеги басылышы да толугу менен коюлду.

Көргөзмөдөн эпостун кара сөз менен жазылышынын автордук китептерин да көрүүгө болот. Ошондой эле түрдүү тилдерге – орус, түрк, якут ж. б. которулуп жарык көргөн китептер да орун алды. Эпосту илимий изилдөө боюнча китептердин чоң тобу көргөзмөнүн орчундуу бөлүгүн  ээледи.

“МАНАС” ЭПОСУ ЖАНА МАНАСЧЫЛАР ЖӨНҮНДӨ КӨРГӨЗМӨ

“Манас” эпосу жана манасчылар”  бөлүгүнө  эпосту калктын калың катмарына жеткирүүчү кыргыз элинин руханий инсандары – манасчылар  жөнүндөгү илимий изилдөөчүлөрдүн монографияларынан тартып мезгилдүү басмалардын бетине жарыяланган макалаларга чейин коюлду.

”Саякбай манасчы” эл аралык фонду Кыргызстандын мекенчил жана патриот жарандары тарабынан 2014-жылы негизделген. Ошондон бери фонд республикалык, эл аралык маанидеги бир катар иш-аракеттерди аткарып келе жатышат: манасчылардын юбилейлерине  арналган бир топ китептерди, илимий макалалардын жыйнагын басмадан чыгарды, “Сагымбай”, “Саякбай” энциклопедияларынын жарык көрүшүнө колдоо көрсөтүштү, эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрдү, “Саякбай – ХХ кылымдын Гомери” аттуу көркөм кинотасмасын тартып көрүүчүлөргө тартуулады,  ж. б.

«Саякбай» фондусунун директору «Манас» — кыргыз элинин баатырдык эпосу» деп аталган жаңы китептен онду Улуттук китепканага тартуу кылды.

Көргөзмөгө Жогорку Кеңеш депутаттары, КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият , илим, билим берүү кызматкерлери, манасчылар, студенттер, окуучулар катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер