“МАНАС” — ЭЛ АРАЛЫК АБРОЙДУН ЖҮЗҮ: АЭРОПОРТ КОНОКТОРДУ ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕ КҮТҮП АЛУУГА ДАЯР
- 29.08.2026
- 0
Кыргызстан жакынкы күндөрү ири эл аралык иш-чаралардын чордонунда болот. Өлкөгө дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин жогорку даражалуу өкүлдөрү келери күтүлүүдө. Мындай учурда чет элдик коноктордун Кыргызстан тууралуу алгачкы таасири дал ушул “Манас” эл аралык аэропортунан башталат. Ушуга байланыштуу аэропорттун даярдыгы жана тейлөө деңгээли өзгөчө мааниге ээ.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 29-августта “Манас” эл аралык аэропортуна пландан тышкары барып, масштабдуу реконструкциядан кийинки абалы менен жеринен таанышты. 
Мамлекет башчысы Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулукка таанытууда жана өлкөлөр аралык кызматташтыкты бекемдөөдө эл аралык иш-чаралардын мааниси чоң экенин белгилеп, аларга даярдыкты жогорку деңгээлде камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.
А.К. «КБ»



Комментарийлер