Манас айылындагы лицейге 500 орундуу кошумча корпус курулууда

  • 31.07.2024
  • 0

Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылында мектеп-лицейдин кошумча корпусу курулуп жатат. Объекттин курулушу 2019-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттиги билдирди.

Бүгүнкү күндө имараттардын 2-кабатынын дубалдары тургузулуп, темирбетон плиталарын орнотуу иштери жүрүп жатат. Үстүбүздөгү жылы курулушту толук бүткөрүү пландалууда.

Долбоорго ылайык, төрт эки кабаттуу окуу корпустар жана ашкана 500 орунга ылайыкталган, жалпы аянты 3003 чарчы метрди түзөт.

Ошондой эле Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында дагы 375 окуучуга ылайыкталган мектеп курулуп жатат. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 65 пайыз  жумушу бүткөрүлдү. Окуу корпустун дубалы тургузулуп, чатыры, эшик-терезелери орнотулду.

Мектеп эки кабаттуу, өтмө галерея жана спорт залы менен курулат. Объекттин жалпы аянты 2 297 чарчы метрди түзөт. Мындан сырткары, Ош облусунун Алай районунун Кум-Шоро айылындагы 100 орундуу №32 мектептин курулушу аяктап калды.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер