“МАНАС — АЛТАЙ ТООЛОРУНУН АРСТАНЫ”

  • 16.03.2021
  • 0

15-мартта К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Түркиянын белгилүү жазуучусу, адабиятчы жана фольклор таануучусу, проф. д-р Хайреттин Ивгинин “Манас — Алтай тоолорунун арстаны” аттуу романынын бет ачары болуп өттү.

“МАНАС - АЛТАЙ ТООЛОРУНУН АРСТАНЫ”

Автор романдын үстүндө 40 жылдан ашуун эмгектенип, изилденип жазган. Буга чейин түрк, азербайжан, өзбек тилдеринде басылып чыгып, бул ирет кыргыз тилинде жарык көрдү.

Иш-чара китептин автору Хайреттин Ивгин,  «Хажи Бекташ» маданий борборунун төрагасы Мустафа Өзживан, мамлекеттик ишмер Айхан Насухбейоглу, ЫМУнун ректору Аскар Иманбаев, китептин редактору Акылбек Халбеков, кыргыз филологиясы, педагогика жана искусство факультетинин профессордук жамаатынын жана студенттеринин катышуусунда өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө проф. д-р Хайреттин романдын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.

““Манас” эпосун дүйнө жүзүндө көбүрөөк окурмандарын тапсын деген максатта роман жанрында жаздым. Казат эпизоддорун азайтып, кыргыз маданиятын алдыңкы планга чыгардым”, — деп билдирди жазуучу.

Иш-чаранын коноктору Мустафа Өзживан жана Айхан Насухбейоглу “Манас” эпосу жана “Манас — Алтай тоолорунун арстаны” романы тууралуу ойлору менен бөлүшүп, Манас баатырдын эрдиктери тууралуу фильм тартуу керек экендигин белгилеп өтүштү.

Окуу жайдын окутуучулар жамааты проф. д-р Хайреттин Ивгинге ыраазычылыктарын билдирип, кызыккан суроолорун узатышты.

Жолугушуунун соңунда ЫМУнун ректору Аскар Асангазиевич Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы мамиленин чыңдалышына салым кошкондугу жана окуу жай менен тыгыз алакада иш алып баргандыгы үчүн  Хайреттин Ивгинге, Мустафа Өзживанга, Айхан Насухбейоглуга “Ыраазычылык кат” жана Акылбек Халбековго “Ардак грамота” ыйгарды.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер