«Манас» аэропортунда дүйнө чемпиондорун тосуп алышты
- 26.09.2023
- 0
«Манас» эл аралык аэропортунда Кыргызстандын эркектер арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондорун тосуп алышты. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрда «Манас» эл аралык аэропортунда эркектер арасында грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданы тосуп алуу аземи өттү.
Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатында эркектер арасында өткөн грек-рим күрөш боюнча мелдеште Кыргызстандын балбандары Акжол Махмудов (77 килограмм чен бирдикте) жана Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм салмак категориясында) алтын байге жеңди.
Бөлүшүү
Комментарийлер