МАНАС ААЛАМЫНА САЯКАТ

  • 25.04.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы  Улуттук инновациялык мектеп-лицейинин 3″д» классынын окуучулары аралыктан манас айтышты.

Адатта ишемби күнү балдар окушпайт. Демилгелүү педагогдор бул күндү да балдардын пайдасына чечип жүрүшөт.  Мисалы, айрымдары окуучуларга өз тандоосу боюнча сүрөт тарттырышса, башкалары ыр, эссе, дилбаян жазып жиберүүнү өтүнүшөт.
Башталгыч класстардын алдыңкы мугалими Гүлүмкан Асанкадырова болсо, ишемби күндөрү балдарды үйдө манас айтууга багыттайт.
— Манас айтуу — кыргыздын кылымдардан бери келаткан көөнөрбөс улуу өнөрү. Ал азыркы кыйын кезеңде бизге, эл-журтка, окуучуларыбызга сөзсүз дем-күч берет. Элди ынтымакка, биримдикке, кыйынчылыктарды жеңүүгө чакырат, — дейт мотурайган балдардын эжейи Гүлүмкан Асанкадыровна.

МАНАС ААЛАМЫНА САЯКАТ

Башкалардан айырмаланып, Малика бул күнү сүрөт тартып жибериптир. Эжейи ага да ыраазы.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер