МАНАС: №5 МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ КОРПУСУ АЧЫЛДЫ

  • 08.10.2026

Манас шаарында Б. Осмонов атындагы №5 жалпы билим берүү мектебинин 375 орундуу жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилди. Салтанаттуу ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда өттү. IMG_2031 (1).JPG

Бул объект Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Манас шаарында курулган 6 жаңы мектептин бири болуп саналат. IMG_2029 (1).JPG

Аталган билим берүү мекемесине 61 жылдан кийин курулган үч кабаттуу жаңы корпус эки нөөмөттө 700гө жакын окуучунун заманбап шартта билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.

Имаратка заманбап инженердик чечимдер колдонулуп, 102 кВт кубаттуулуктагы күн панелдери орнотулган. Ошондой эле окуу класстары, спорт жана жыйындар залдары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттери толугу менен заманбап талаптарга ылайыкташтырылып, медициналык кабинет да каралган. IMG_2046 (1).JPG

Курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Бардык курулуш этаптары министрликтин тиешелүү департаменттери тарабынан катуу көзөмөлгө алынган.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү