МАМЫТКАНОВ: «ИШТЕП ЖАТКАН КОРГОНУУ-ӨНДҮРҮШТҮК ИШКАНАЛАР МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН СТРАТЕГИЯЛЫК ЖАКТАН МААНИЛҮҮ»

  • 04.11.2020
  • 0

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу «Бишкек штамповкалоо заводу» («БШЗ» МИ) мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышты.

МАМЫТКАНОВ: «ИШТЕП ЖАТКАН КОРГОНУУ-ӨНДҮРҮШТҮК ИШКАНАЛАР МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН СТРАТЕГИЯЛЫК ЖАКТАН МААНИЛҮҮ»

Белгилей кетсек, «БШЗ» МИ коргонуу-өндүрүштүк комплексинин курамына кирген стратегиялык объект болуп саналат жана согуштук, ошондой эле мергенчилик спорт маанисиндеги буюмдарды даярдоо менен алектенет.

Ошондой эле 2001-2017-жылдары завод «Бишкек машина куруу заводу» ААК ишенимдүү башкармалыгында болуп, анын натыйжалуулугу төмөн саналып, чарбалык ишмердүүлүгү чыгашалуу болгон. Буга байланыштуу КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу «Бишкек штамповкалоо заводу» мамлекеттик ишканасын түзүү тууралуу чечим кабыл алынган.

МАМЫТКАНОВ: «ИШТЕП ЖАТКАН КОРГОНУУ-ӨНДҮРҮШТҮК ИШКАНАЛАР МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН СТРАТЕГИЯЛЫК ЖАКТАН МААНИЛҮҮ»
Мындан тышкары «БШЗ» МИ өнүктүрүү алкагында 2022-жылга чейин Стратегия иштелип чыкан, ага ылайык, чарба ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган уюштуруу жана техникалык иш-чаралардын жыйындысы өткөрүлүүдө, тактап айтканда, негизги өндүрүштүк имараттын, анын административдик-тиричилик корпусунун жана бир катар башка обьектилердин капиталдык ремонту өткөрүлгөн.

Вице-премьер-министр заводдун ишмердүүлүгү менен таанышкан соң, учурдагы иштеп жаткан коргонуу-өндүрүштүк ишканалар мамлекет үчүн стратегиялык жактан маанилүү экендигин белгиледи.

«СССР кулаган соң, көптөгөн ишканалар ар-кандай себептер боюнча өз өндүрүшүн токтотту. Заводду калыбына келтирүү боюнча чаралар кабыл алынды. Мыкты жана ырааттуу менеджердик иш алып барууда жана жабдууларды модернизациялоодо завод андан ийгиликтүү өндүрүштүк ишканалар менен атаандаштык түзө алат», — деди Максат Мамытканов.

Андан соң вице-премьер-министр Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, күчөтүлгөн кызмат өтөөгө өткөрүлгөн «Актилек-автожол» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун барып көрдү.

Эскерте кетсек, «Актилек-автожол» көзөмөлдөө-өткөрүү пункту кыргыз-казак мамлекеттик чекарасындагы эл аралык, унаа, жүк ташууну өткөрүү пункту болуп саналат. «Акжол-автожол» өткөрүү пунктун модернизациялоо жана реконструкциялоого байланыштуу  «Актилек- автожол» пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү эки эсеге жогорулаган. Өткөрүү күнү-түнү жүргүзүлөт, атап айтканда, суткасына транспорттук каражаттын кыймылынын орточо көлөмү 800 унааны түзөт.

Вице-премьер-министр белгилегендей, жүк ташуучулардын чекара көзөмөлүн тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо зарыл.
«Акжол-автожол» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун реконструкциялоого байланыштуу транспорттук каражаттардын агымы жогорулады, милдеттүү текшерүүлөрдөн тышкаркы кошумча текшерүүлөр өткөрүлбөшү керек. Чекара көзөмөлүн өтүүдө жүк ташуучулар үчүн чектөөлөр болбошу тийиш», — деди вице-премьер-министр.

Бөлүшүү

Комментарийлер