МАМЛЕКЕТТИК-ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮК — БИЛИМДИ ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ
- 12.08.2024
- 0
15-16-августта Билим берүү жана илим министрлиги көгүлтүр көл жээгинде «Мектепке чейинки билим берүү системасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоо механизмдерин пилоттук тестирлөө» темасын талкуулаган тегерек стол өткөрөт.
Салтка айланган Август кеңешмесинин алкагында уюштурулуп жаткан бул иш-чара мектепке чейинки билим берүү системасын өркүндөтүү жана модернизациялоо, ошондой эле Кыргызстандагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу деңгээлин жогорулатуу багытында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) ишке ашыруу боюнча Казакстан Республикасынын тажрыйбасын үйрөнүү жана мектепке чейинки билим берүү тармагында ваучердик каржылоо механизмдерин пилоттук тестирлөө максатын көздөйт.
Бюджеттик ресурстардын чектелүү шарттарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун натыйжалуу куралы болуп саналат. Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү иш жүзүнө ашыруудагы Казакстандын тажрыйбасы, анын укуктук жана институционалдык базасы, ошондой эле казак кесиптештери топтогон практикалык натыйжалар жана кездешкен көйгөйлөр менен кеңири тааныша алышат.
Эки өлкөнүн катышуучулары өздөрү колдонгон ыкмаларын талкуулап, ар кандай каржылоо жана өнөктөштүк моделдеринин күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо менен бирге аларды өз өлкөлөрүндө адаптациялоо жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыкмакчы. Уюштуруучулар бул тегерек стол мектепке чейинки билим берүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды жана мыкты практикаларды алмашуу аянтчасына айланып калат деген зор ишенимде.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер