МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
- 03.03.2020
- 0
3-мартта Кара-Көл шаарындагы Ч.Түлөбердиев атындагы №2 жалпы билим берүүчү инновациялык орто мектебинде Туу күнү салтанаттуу белгиленди.
Мектептин директору Н.К,Нусубалиева жалпы окуучуларды 3-март Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.
— Мамлекеттик туубуз – биздин эгемендүүлүгүбүздүн символу. Андыктан аны биз бийик тутууга тийишпиз. Азыртан мыкты окуп, келечекте өз өлкөбүздүн желегин чоң-чоң жарыштарда желбиретишибиз керек, — деди мектеп жетекчиси окуучу жаштарга кайрылып.
Жаштардын мекенчил сезимин курчуткан бул иш-чарада мектептин класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Н.А. Бабаканова желектин кабыл алыныш тарыхын айтып берсе, 10 –класстын окуучусу Акатаева Мээрим желектеги түстөрдүн, белгилердин чечмеленишине токтолду.
Кечеде 11-класстын окуучусу, республикалык «Кыргызстандык экениме сыймыктанам!» конкурсунун жеңүүчүсү Шермат уулу Нурмат мекен тууралуу ырлардан ырдап берди.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер