МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ АРНАЛГАН БИР АЙЛЫК ЖЫЙЫНТЫКТАЛАТ

  • 09.12.2021
  • 0

Билим  берүү  жана  илим министрлиги  «Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата  жарыялаган  бир айлыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасын 10-декабрында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөрөт.  

Ага КР Президенттик  Администрациясынын, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, Министрлер Кабинетинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, республиканын бардык аймагынын бала бакча, мектеп, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын мугалимдери, окутуучулары  катышат.

Иш-чара  10.00до башталып, катышуучулар алгач КММА менен жакындан таанышып, саякат жасашат. Медицинага эбегейсиз зор салым кошкон өмүрү өрнөк инсандар жөнүндө  музейден маалымат алып, мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууда окуу жайда жасалып жаткан  иш-аракеттер менен таанышышат. Андан соң жети облус, эки шаардын мамлекеттик тил адистери мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында жасап жаткан иш-аракеттери тууралуу даярдап келген материалдары  менен  тааныштырышат.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүмү жалпы катышуучулардын аткаруусундагы Мамлекеттик гимндин аткарылышы менен ачылат. Кадырлуу коноктордун куттуктоо сөзүнөн соң бүт өмүрүн кыргыз тилин өнүктүрүүгө арнап келген ардагер тилчилерди куттуктоого кезек берилет, ага улай айлыкка, сынакка активдүү катышкан финалисттер жана активдүү катышкан окуу жайлар, калыстар тобунун мүчөлөрү баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышат.

Иш-чаранын маданий бөлүмүнүн өзгөчөлүгү  чыгармачыл кыргыз тилчилердин  аткаруусундагы жагымдуу обондордун жаңырышы болуп саналат. Жалпы катышуучуларга Улуттук программанын алкагында басылып чыккан китептер таркатылат.

Иш-чара боюнча маалымат алуу үчүн  Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гүлнарага кайрылууга болот.

Байланыш телефондору: (0705)280173, (0771) 280173.

Бөлүшүү

Комментарийлер