МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР

  • 29.10.2019
  • 0

Кыргызстанда мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” деген аталышта окуу жайлар ортосундагы кароо-сынак Кызыл-Кыя шаарында өттү.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР

Иш-чарага шаардын мэри Эрмекбай Топчубаев, шаардык кеңештин төрайымы У. Дарипова, маданият үйүнүн директоруТ. Халмурзаева, билим берүү бөлумүнүн башчысы Д.Ж.Матосмонова катышып, өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтуу менен бирге тил жөнүндө ырлардан көркөм окушту.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР

Тил майрамынын программасында  ырларды көркөм окуу, Ата Мекен, эне тил тууралуу обондуу ырлардан ырдоо, тил жөнүндө таамай айтылган макал-лакаптар, “”Манас” эпосунан үзүндү, жаңылтмач, табышмак айтуу, улуттук тамактын түрүн жасоо сыяктуу сынактар боюнча күч сынашуу болду.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР

Биринчи орунду шаардагы Кызыл-Кыя медициналык колледжи, экинчи орунду билим берүү тармагы жана үчүнчү орунду тоо-кен техникуму ээлеп, байгелүү сыйлыктарга ээ болушту.

Ошондой эле Кадамжай районундагы бала бакчалар арасында «Кыргыз тилин барктайлы, түбөлүккө даңктайлы» аттуу чоң фестиваль уюштурулуп, ийгиликтүү өттү.

«Солнышко», «Росинка», «Кут-Ордо», «Зебо» бала бакчалары кийген формалары, аткаруу чеберчиликтери менен сахнанын ажарын ачып айырмаланды. Өзгөчө Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу «Зебо» бала бакчасын  башка улуттун өкүлү болсо да, көркөм окууда кыргыз тилин так сүйлөп жогорку деңгээлде аткарыша алганын белгилеп кетсе болот. Натыйжада фестивалдын катышуучуларына жана уюштуруучуларына Ардак баракчалар жана сыйлыктар тапшырылды. Мындай иш-чаралар жыл ичи да өткөрүлмөкчү.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн  мектепке чейинки билим берүү боюнча жетекчиси Тажигул Актураева фестивалды ийгиликтүү өткөргөнү үчүн райондук администрациянын  Ардак грамотасы менен сыйланды.

Н.Исманова

Бөлүшүү

Комментарийлер