Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгы белгиленди
- 25.09.2024
- 0
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына жана окуу жайдын 30 жылдыгына карата «Кыз-жигит» сармерден болуп өттү.
Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чара окуу жайдын ректору Абдилбает Мамасыдыков жана Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын өкүлүнүн куттуктоо сөзү менен башталды.
Кыз-жигиттер сармердендин шарты боюнча кезектешип обондуу ырларды ырдап, көркөм окууп, жаңылмач, макал айтышып, келген конокторго өзгөчө маанай тартуулашты.
Иш-чаранын катышуучуларга Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Ошондой эле Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата кыргыз филологиясы кафедрасы тарабынан жарыяланган жумалыктын жыйынтыгы чыгарылып, активдүү студенттер сыйланды.
Белгилей кетсек, мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата университеттин колледж, факультеттер арасында жумалык жарыяланып, кыргыздын тарыхын, каада-салтын чагылдырган адабий-музыкалык иш-чаралар, түрдүү сынактар уюштурулду.
Комментарийлер