МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ САЛЫМ КОШУП ЖАТКАН ЖУРНАЛИСТТЕР СЫЙЛАНДЫ

  • 16.12.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 15-декабрда А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү журналисттердин ролу, учурдун актуалдуу маселеринин бири – жалпыга маалымдоо каражаттарындагы сабаттуулук көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдорун талкуулоого багытталган “Журналистикадагы оозеки жана жазуу маданиятынын көйгөйлөрү” аттуу семинар уюштуруп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан журналисттерге атайын сыйлыктарды тапшырды.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ САЛЫМ КОШУП ЖАТКАН ЖУРНАЛИСТТЕР СЫЙЛАНДЫ

Иш — чарага Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев, Маданият жана маалымат министри Н.Кадырбеков, мамлекеттик жана жеке менчик телерадио компанияларынын журналисттери, блогерлер, тилчи-окумуштуулар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер катышты.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ САЛЫМ КОШУП ЖАТКАН ЖУРНАЛИСТТЕР СЫЙЛАНДЫ

Семинардын жүрүшүндө учурдагы теле-радио, гезит-журнал, социалдык тармактардагы сабаттуулук маселелеринин абалы талдоого алынып, орфография, орфоэпия, пунктуация  эрежелеринин сакталышы боюнча ойлор, сунуш-пикирлер айтылды.

Журналист П.Дүйшөнбаев “Айтматов – журналист”, Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессору И.Султаналиев  “ЖМКдагы орфографиялык мүчүлүштүктөр”, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын эксперти Т.Абылкасымова “Орфоэпия маселелери”, коомдук ишмер А.Кулматов “Кеп маданиятын калыптандыруудагы ЖМКнын ролу”, журналисттер Б.Орунбеков “Кыргыз тилдүү гезиттердеги жазуу эрежелеринин сакталыш маселелери” жана Э.Ажыканова “Социалдык тармактардагы сабатсыздык” темаларында баяндамаларды жасашты.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ САЛЫМ КОШУП ЖАТКАН ЖУРНАЛИСТТЕР СЫЙЛАНДЫ

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев ЖМКлар менен ушул багыттагы иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп келе жаткандыгын жана мындай өз ара пайдалуу кызматташуу келечекте да улантыларын белгилеп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан мыкты журналисттерге комиссиянын атайын сыйлыктарын тапшырды.

Сыйлык алгандар:

“Кыргыз тили” төш белгиси

  1. Карыкеев Толеген – “Де-Факто” гезитинин журналисти;
  2. Мамыркулова Канышай – журналист, блоггер;
  3. Каражанова Гүлжан – “Биринчи радионун” комментатору;
  4. Чабдарова Таалайгүл – “Биринчи радионун” баяндамачысы;
  5. Советбекова Ырыс – “Акипресс-Баракелде” сайтынын башкы редактору;
  6. Какиева Эльвира – “Тил жана маданият” гезитинин башкы редактору; ;
  7. Сакыбаев Бакытбек Токтобекович – ЭлТР каналынын алып баруучусу
  8. Темирбек уулу Алмаз – “Фабула” гезитинин жана сайтынын башкы редактору;
  9. Токтогул уулу Мирхамид – “Кыргыз радиосунун” башкы редактору;
  10. Курманалиев Асылбек – СТВ каналынын башкы оператору;
  11. Бозгунова Каныкей – “5-каналдын” атайын кабарчысы;
  12. Сатиева Айтурган – “Спутник Кыргызстан” радиосунун Кыргыз редакциясынын редактору;
  13. Айтбекова Назира – журналист, блогер;

Ардак грамота

  1. Карыбекова Калия Сабаевна – ЭлТР каналынын кабарчысы;
  2. Эшимбекова Мээрим Темирболотовна – ЭлТР каналынын кабарчысы;
  3. Кадыркулова Жаркынай – “Фабула пресс” сайтынын кабарчысы ;
  4. Багышбаев Расул  – “Ала-Тоо 24” каналынын алып баруучусу;
  5. Мелисов Тутан – “Ала-Тоо 24” каналынын алып баруучусу;
  6. Шаршеева Кыял – “Ала-Тоо 24” каналынын алып баруучусу;
  7. Кадырдин кызы Мунара –  СТВ каналынын улук редактору;
  8. Султаналиева Бактыгүл – “Супер кж” сайтынын кабарчысы;
  9. Турдуканов Улан – “Кабар” маалымат агенттигинин кабарчысы;
  10. Кыдыралиев Алтынбек   – “Марал” радиосунун алып баруучусу;
  11. Сагынбаева Нурзада  – “Кыргыз туусу” гезитинин кабарчысы;
  12. Ташибекова Мээрим  – “7-каналдындын” жооптуу редактору;
  13. Тукендерова Жээнбүбү   – “Эркин тоо” гезитинин корректору;
  14. Борченов Урмат  –  алып баруучу, блогер;

 

Бөлүшүү

Комментарийлер