МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИРГЕ ӨНҮКТҮРӨЛҮ!

  • 15.11.2022
  • 0

Бишкек шаарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда кыргыз тилчи жана мектеп китепканачыларынын форуму болуп өттү.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИРГЕ ӨНҮКТҮРӨЛҮ!

КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору уюштурган “Мамлекеттик тилди бирге өнүктүрөбүз” форумун ачкан Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов, бул иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө КР мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына байланыштуу кыргыз тилин өнүктүрүүнүн бир айлыгынын алкагында өтүп жаткандыгын белгилеп,  мамлекеттүүлүгүбүздүн, элибиздин биримдигинин көөнөрбөс казынасы болгон кыргыз тилине арналган форум катышуучулардын баарына пайдалуу болоруна ишенерин билдирди.

— Кыргыз тилин өнүктүрүү бир гана кыргыз тилчилерге же билим берүү министрлигине эле керек эмес. Кыргыз тилин өнүктүрүүнү өзүн “кыргызмын” деген ар бир жаран өзүнүн милдети катары билиши керек. Кыргыз тилинин өнүгүшүнө, тилибиздин сакталып, урпактарга жетишине улуу окумуштууларыбыз Хусеин Карасаев, Зияш Бектенов, Жээнбай Мукамбаев ж.б. эмгеги эбегейсиз. Биз ошол улуу жолду улап, кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошууга түздөн-түз милдеттүүбүз. Кыргыз тилчилер – энтузиазисттер экенин дайыма сыймыктануу менен айтып келебиз. Кыргыз тилине дайыма эле жогорку деңгээлде мамиле кыла албай келатканыбызды да мойнубузга алышыбыз керек. Андыктан кыргыз тилчилердин жана жалпыбыздын алдыбызда көптөгөн жооптуу милдеттер, асыл максаттар турат. Ошол милдеттерди бирге аткарып, ийгиликтерге бирге жетели, — деди Талантбек Бекташов.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИРГЕ ӨНҮКТҮРӨЛҮ!

Кыргыз тилчи мугалимдердин жана мектеп китепканачылардын форуму жаштар арасында кыргыз тилин жайылтуу, билим берүү программаларынын алкагында эне тил байлыгын, маанисин урпактарга жеткирүү максатын камтыды. Бул форум ошондой эле мектеп китепканаларын модернизациялоого арналган бир катар пландаштырылган илимий-методикалык иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат.

Салтанаттуу иш-чарага КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова баш болгон бир топ расмий өкүлдөр, республикабыздын бардык аймактарынан келген 200дөн ашык агартуучулар, китепкана тармагында эмгектенгендер жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИРГЕ ӨНҮКТҮРӨЛҮ!

Форумда кыргыз тилин өнүктүрүүгө зор салым кошкон бир катар китепканачылар, мекеме-уюм жетекчилери баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер