Мамлекеттик тил проректорлорунун III форуму өттү

  • 18.01.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын «Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери» аттуу мамлекеттик тил проректорлорунун III форуму Ош мамлекеттик университетинде өттү.

Форумга КР Президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жана талдоо жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти Жанузакова Кыял, Ош шаарынын мэринин орун басары Кадыров Нурбек, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын жана Президенттин аппаратынын жетекчилигинин секретариатынын спичрайтери Абылкасымова Тамара, жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча проректорлору, кафедра башчылары, ЖМК өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны төрага Каныбек Осмоналиев ачып, жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелерине, тилдик деңгээлдер боюнча окутуунун максаттуулугуна токтолду.

Мындан сырткары, форумда ЖОЖдордо “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы, иш кагаздарынын абалы, мамлекеттик тилди окутуунун заманбап жолдору, артыкчылыктары жана кемчиликтери, көп тилдүү билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу, студенттердин сабаттуулугу жөнүндө баяндамалар жасалып, сунуштар айтылды.

Эльвира КАКИЕВА

Бөлүшүү

Комментарийлер