МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ – КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК ДѲѲЛѲТҮ

  • 24.09.2020
  • 0

23-сентябрда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин мамлекеттик тил бөлүмү мамлекеттик тил күнүнө карата онлайн режиминде майрамдык иш-чара уюштурду.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ – КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК ДѲѲЛѲТҮ

Ага жалпы университеттин профессордук-окутуучулук курамы, бардык түзүмдөрдүн мамлекеттик тил боюнча жооптуу кызматкерлери жана студенттер катышты. Интернет колдонуучуларга ютуб каналынан түз көрсөтүлүп турду.

Майрамдык иш-чаранын башында университеттин өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Төрөбеков Бекжан жалпы катышуучуларды мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча университетте аткарылып жаткан иштерге  токтолду.

IT департаментинин директору Алмаз Арзыбаев университетте пандемия шартында окуу процессинин жүрүшү, санариптештирүү доорунда IT-технологиялардын жаңы инновациялары жөнүндө кеңири айтып берди.  Кыргыз тили кафедрасынын башчысы Жумагул к. Айнура кыргыз тилин аралыкта окутуунун жетишкендиктери жана кемчиликтерине токтолду.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ – КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК ДѲѲЛѲТҮ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын басма сѳз катчысы  мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн университеттин профессору, экономика илимдеринин доктору Атантаев Истанбек Акматовичке жана кыргыз тили кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Исираилова Акдана Маматалиевнага «Кыргыз тили» төш белгисин тапшырды. Ошондой эле Кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Рысбекова Дилбар Акжоловнага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасын тапшырды.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, студенттер тил боюнча көркөм окууларын сунуштап, комуз күүлөрүн аткарышты. «ТилTimes» студенттик гезиттин кезектеги майрамдык саны даярдалып басмадан чыгып, катышуучуларга таратылды.  Бул тууралуу мамлекеттик тил  бөлүмүнүн башкы адиси Ч.Асанбекова маалымдады.

Бөлүшүү

Комментарийлер