МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮН УТУРЛАЙ: КЫРГЫЗ ТИЛИНИН САНАРИП КЕЛЕЧЕГИ
- 18.09.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Мамлекеттик тил күнүнө карата «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» урааны астында маанилүү иш-чара болуп өттү. Ага Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин илимий бөлүмүнүн башчысы Салтанат Асекова, ошондой эле улуттук комиссиянын өкүлдөрү жана билим берүү тармагынын адистери катышты. 
Жолугушуунун жүрүшүндө эне тилибиздин коомдук жана маданий турмуштагы орду, анын музей ишинде жана санариптик чөйрөдө колдонулушу кеңири талкууланды. Улуттук тарых музейинин директору Назгүл Өмүрзакова мамлекеттик тилди электрондук документ жүгүртүүдө жана жасалма интеллектке негизделген кызматтарда активдүү колдонуунун зарылдыгын өзгөчө белгиледи.
Андан сырткары, кыргыз тилинин тарыхы, мамлекеттүүлүктүн калыптанышы жана тилдин кадыр-баркын көтөрүү маселелери ортого салынды. 
Иш-чаранын катышуучуларына мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытындагы жаңы санариптик продуктулар тааныштырылып, жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалган атайын анимациялык тасма көрсөтүлдү. Жыйынтыгында кыргыз тилин музей ишинде, билим берүү системасында жана санариптик чөйрөдө кеңири жайылтуу улуттук баалуулуктарды сактап калууга жана аларды заманбап ыкмалар менен жаштар арасында жайылтууга бекем өбөлгө түзөрү айтылды. 
А.К., «КБ»

