МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮН БЕЛГИЛӨӨГӨ КАРАТА 18 КИТЕПТИН БЕТ АЧАР АЗЕМИ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 22.09.2020
  • 0

21-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги Мамлекеттик тил  күнүн белгилөөгө карата 18 китептин бет ачар аземин өткөрдү.

Мамлекеттик  тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын  алкагында бул жылы 18 аталыштагы китеп  8 409 нускада басылып чыккан.

Иш-чаранын жүрүшүндө китептер боюнча талкуу жүрүп, авторлорго сый акы берилди.

Басылып чыккан жети аталыштагы китеп мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, бир китеп мектеп жана калган он китеп орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган.

Китептердин кол жазмаларын кабыл алууда  кесиптик окуу жайлардын жана Кыргыз Билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечимдери эске алынды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер