МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ОНЛАЙН ТАЛКУУ ӨТӨТ

  • 23.09.2020
  • 0

Ош мамлекеттик университети Билим берүү министрлиги менен биргеликте 23-сентябрь саат 16:00дө Мамлекеттик тил күнүнө карата онлайн талкуу өткөрөт.

Талкуу Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган тогуз айлык планына ылайык минстрликтин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору жана ОшМУ тарабынан уюштурулууда.

Талкуу фейсбук аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Zoom платформасы аркылуу кирип талкууга катышыңыздар болот.

Негизги багыт — интернеттин тилди өнүктүрүүдөгү ролу, сабаттуулукка тийгизген таасири тууралуу.

Эксперттер талкууга төмөнкү темаларды алып чыгат:

  1. Ф.и.д., профессор Жаанбай Элчиев — «Сабаттуулук — эне тилдин жүзү» (Жазууда көп кетирилген орфографиялык, пунктуациялык каталар тууралуу)
  2. Ф.и.к., доцент Аттокур Жапанов — “Колдонуудан чыгып бараткан сөздөрдү активдүү лексикага кошууда интернеттин ролу” (Унутта калып бараткан көөнө сөздөр, макал-лакаптар, фразеологизмдер тууралуу өзүнүн фейсбук баракчасына жүктөгөн постторунун мисалында айтып берет)
  3. Ф.и.к., доцент Майниса Кошуева — “Иш кагаздарын туура жазуу – жогорку сабаттуулукту талап кылат” (Иш кагаздарда кетирилген каталар, иш кагаздарынын реквизиттери тууралуу айтып берет)
  4. Публицист, адабиятчы Жолдош Турдубаев — “Сабаттуулукка окуткандардын сабаты” (ЖОЖдордун, АОЖдордун кээ бир мугалимдери, акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрүнүн сабатсыздыгы тууралуу кеп кылат)
  5. Талкуу, суроо-жооптор

Төмөнкү шилтеме менен талкууга кошулууга болот:

Подключиться к конференции Zoom

 

https://us02web.zoom.us/j/5914474851

 

Идентификатор конференции: 591 447 4851

 

Код доступа: 1

Бөлүшүү

Комментарийлер