МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

  • 22.09.2021
  • 0

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун эл аралык мамилелер жана жалпы теориялык сабактар кафедрасы тарабынан 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кыргыз тилинин түрк тилдери арасынан алган орду” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

“Кыргыз тили түрк тилдеринин курамында”, “Кыргыз тилинин тарыхый этаптары”, “Кыргыз фразеологизмдери”, “Кыргыз жана түрк тилдеринин морфологиясы”, “Кыргыз адабиятынын фольклордук башаттары”, “Кыргыз тилинин экономикалык илим чөйрөсүндө колдонулушу” темаларында билдирүүлөр, талкуулоолор болуп, кыргыз тилинин жалпы түрк тилдеринин курамындагы мааниси, ээлеген орду жана колдонуу келечеги багыттарында бир катар жыйынтыктар чыгарылды.

Тегерек столдун материалдары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” илимий-популярдык журналында жакын арада жарык көрөт. Ушундай эле тегерек стол ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжинин жалпы медициналык сабактар бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ал жерде кыргыз тилинин медицина тармагында пайдалануу маселелери каралды, кыргыз тилинде медицина боюнча окуу китептерин чыгаруу жөнүндө сунуштар айтылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер