МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

  • 23.09.2020
  • 0

Улуттук статистика комитетинде 23- сентябрь  — Мамлекеттик тил күнүнө карата  видеоконференция болуп өттү. Иш-чарага Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев, борбордук аппараттын бөлүм жетекчилери жана аймактык мамлекеттик статистика башкармалыктардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Азамат Оросбаев кыргыз тили республиканын мамлекеттүүлүгүнүн жана эгемендүүлүгүнүн негизи экенин баса белгилеп,  мамлекеттик тилди билүү жана өркүндөтүп өнүктүрүү – бул ар бирибиздин жана  жалпы элибиздин милдети экенин билдирди.

Мындан тышкары, ал мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча Улутстаткомдо жүрүп жаткан иштерге токтолду.

“2018-жылдан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү түрдө мамлекеттик тилден сынак берип башташкан. Биздин кызматкерлер Кыргыз Республикасынын “КЫРГЫЗТЕСТ” Мамлекеттик мекемесинин системасы аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча сертификаттарын алышты. Мамлекеттик тилди ЭҢ ЖОГОРКУ (С1) деңгээлде билгендигин жыйырмадан ашык кызматкерибиз ырастаган. Бул мамлекеттик тил жаатындагы биздин чоң ийгилик”, – деди Азамат Оросбаев.

Майрамдык датага карата кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктаган атайын суроолор жыйнагы даярдалып, катышуучулар лингвистикалык негиздерин гана эмес, кыргыз тилдин тарых-таржымалынан дагы жакшы кабардар экенин далилдешти.

Улутстаткомдун аймактык мамлекеттик статистика башкармалыктарынын жетекчилери жана өкүлдөрү дагы видеоконференцияга чыгармачылык менен даярданып, белгилүү кыргыз адабиятчылар менен акындардын ырларын жана кыскача баяндарын көркөм окуп беришти. “Манас”, “Курманжан датка” эпосторунан үзүндүлөр окулуп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан монологдор жаңырды.

Белгилей кетсек, Улутстаткомдо Мамлекеттик тил күнүнө карата иш- чараларды уюштуруу салтка айланып,  жыл сайын кызыктуу жана чыгармачылык маанайда өтүп турат.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер