“Мамлекеттик тил – эл биримдигинин негизги өзөгү”
- 24.09.2025
- 0
2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы №106 Т. Жайылов атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Мамлекеттик тил – эл биримдигинин негизги өзөгү” деген ураан алдында мамлекеттик тил күнүнө арналган патриоттук маанидеги тарбиялык иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты – жаш муундарга мамлекеттик тилди ардактоо, ага сый-урмат менен мамиле кылуу жана тил аркылуу улуттук биримдикти чыңдоо идеяларын жеткирүү болду.

Иш-чарага мектеп администрациясы, мугалимдер жамааты, окуучулар жана ата-энелер активдүү катышты. Окуучулар тарабынан даярдалган көркөм чыгармалар, поэзия кечеси, сахналык көрүнүштөр, макал-лакаптар, кыргыз тили тууралуу акындардын ырлары жаңырып, кыргыз тилин даңазалаган ырлар жаңырды. Ошондой эле, кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана тили тууралуу баяндамалар айтылып, мамлекеттик тилдин коомдогу орду кеңири талкууга алынды.

Мектеп директору иш-чараны ачып жатып, мамлекеттик тил ар бир жарандын улуттук сыймыгы экенин баса белгилеп, бул сыяктуу иш-чаралар жаштардын мекенге болгон сүйүүсүн арттыраарын белгиледи.

Бул күнү ар бир катышуучу мамлекеттик тилдин терең маанисин сезип, кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү ар кимибиздин ыйык милдетибиз экенин дагы бир жолу эстеп кетишти.
(БК)








Комментарийлер