«МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ — БИРИМДИКТИН ЖАНА ДОСТУКТУН ТИЛИ»

  • 23.09.2022
  • 0

Ушундай аталыштагы таасирдүү иш-чара 23-сентябрда Бишкек шаарындагы А. Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-жатак мектебинде болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганына 33 жылдыгын майрамдоого арналган бул иш-чараны кыргыз тили мугалимдери Калыбай кызы Гүлбарчын менен Токтосунова Гүлайым даярдап уюштурду. Окуучулар 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашаган тоолуу өлкөбүздө мамлекеттик тил — биримдиктин жана достуктун тили болуп эсептелерин өз сөздөрүндө белгилешти.
-Ар бир тил өзүнчө ыйык, өзүнчө керемет. Дүйнөдө канча тил болсо, ошол тилде сүйлөгөн улуттун баары өз эне тилин көздүн карегиндей сактоого, урпактарга улуу мурас кылып берүүгө умтулат, — дешти алар.
Мамлекеттик тил күнүнө арналган бул майрамдык салтанатта эне тил, Ата-мекен тууралуу ырлар көркөм айтылды.
Эне тилди даңктаган бул иш-чарага мектептин 5-11-класстарынын окуучулары катышты.

Мейизгүл СҮЙҮНДҮКОВА, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер