МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ — БИЛИМ НЕГИЗИ
- 17.04.2026
- 0
2026-жылдын 16-апрелинде Бишкекте жогорку окуу жайлар үчүн мамлекеттик тилде даярдалган окуу китептеринин бет ачары оттү.

Иш-чара Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбордо» уюштурулуп, билим берүү тармагындагы маанилүү кадамдардын бири катары бааланды.
Маалыматка караганда, бет ачар мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 2021–2025-жылдарга карата мамлекеттик программанын алкагында өткөрүлдү. Ага министрдин орун басары Дурус Козуев, ошондой эле Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жана окуу китептердин авторлору катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Химия», «Физика», «Кыргыз адабияты», «Медициналык генетика», «Электроника» сыяктуу бир катар маанилүү багыттар боюнча жаңы окуу китептери коомчулукка тааныштырылды.
Бул эмгектер студенттерге билимди мамлекеттик тилде өздөштүрүүгө шарт түзөт. Расмийлер мамлекеттик тилде сапаттуу окуу материалдарын түзүү билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, илимий потенциалды өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгилешти. Өз сөзүндө Дурус Козуев мамлекеттик тилди өнүктүрүү жалпы коомдун милдети экенин баса белгиледи.
Иш-чаранын соңунда жаңы окуу китептери жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнө тапшырылып, билим берүү процессинде колдонууга берилди.
Гульнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»,
Салкынай САЛМООРБЕКОВА, «Кут Билим», И.Арабаева атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти







Комментарийлер