Мамлекеттик сыйлык ээлери: залкар жазуучу жана билим берүү менен илимдин чыгаан ишмерлери

  • 23.12.2024
  • 0

Мамлекеттик сыйлык ээлери: залкар жазуучу жана билим берүү менен илимдин чыгаан ишмерлери“Учуру келгенде калк үчүн кызмат кылган уул-кыздарын эл өзү эле алкап да, мактап да, жактап да, көтөрүп да алат экен. Андай уул-кыздарыбыздын ысымы калк жадымынан чыкпай, элибиздин эсинде түбөлүк кала берет”, — деп президент Садыр Жапаров 23-декабрда, «Ынтымак Ордодо» өткөн салтанаттуу иш-чарада өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып белгиледи. Алардын арасында билим берүү жана илим тармагынын дагы татыктуу өкүлдөрү бар.

Мамлекеттик сыйлык ээлери: залкар жазуучу жана билим берүү менен илимдин чыгаан ишмерлериКыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү прозаик, публицист, акылкөй аксакал Кеңеш Жусуповго “Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасын өлкө жетекчиси ыйгарды. Чынында Кеңеш Жусуповдун кыргыздын «Манас» эпосун кенири жайылтуу жаатындагы эмгеги абдан зор. Ошондой эле кыргыз элинин тарыхы, маданияты, этнографиясы, билим берүүсү тууралуу маалыматтарды жана макалаларды камтыган 40 томдук “Кыргыздар” басылмасынын түзүүчүсү экени мүлдө кыргыз журтуна белгилүү.

Мамлекеттик сыйлык ээлери: залкар жазуучу жана билим берүү менен илимдин чыгаан ишмерлериОшондой эле “Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры” ардак наамына өлкөбүздө узак жылдардан бери илим жаатында жигердүү эмгектенип келаткан геология, металлогения, пайдалуу кендерди издөө жана чалгындоо боюнча бирден-бир ири адиси геология-минерология илимдеринин доктору, профессор Кубат Осмонбетов татыктуу болду.

III даражадагы «Манас» ордени менен Кыргыз билим берүү академиясынын технология, искусство жана ден соолук маданияты лабораториясынын башкы илимий кызматкери; профессор, педагогика илимдеринин доктору Абакир Мамытов сыйланды.

Мамлекеттик сыйлык ээлери: залкар жазуучу жана билим берүү менен илимдин чыгаан ишмерлериАбакир Мамытов агай Кыргызстандагы дене-тарбия боюнча жогорку адистик билим берүүнү эл аралык билим берүүгө жуурулуштурууга олуттуу салым кошкон изилдөөчү жана ишмер катары кеңири таанымал.

Мамлекеттик сыйлык ээлери: залкар жазуучу жана билим берүү менен илимдин чыгаан ишмерлери-Албетте, кубанып турам. Президенттин куттуктоо сөзүндө айтылгандай, “бул сыйлык бирөө үчүн сыйлык болсо, көп жылдык сыймык” дейт, билим берүү тармагынан мындай бийик сыйлыкка татыктуу болгонума абдан ыраазымын. Өлкөнүн жана министрликтин жетекчилигине, иштеген академиянын жамаатына рахмат айтып, ыраазычылыгымды билдиргим келет. Билим берүү тармагы келечекти түптөй турган тармак болгондуктан эмгекти баалаганына жетине албай кубанып турам. Билим берүү реформасына, мыйзамдын баарына салым кошуп келгенин бааланды. Анткени, эгемендүүлүккө келгенде алгачкы 2003-жылы чыккан  билим берүү мыйзамын иштеп чыгууга түздөн түз катышкам, кандайдыр бир деңгээлде салымым бар. Азыркы учурда билим берүү тармагы чоң бурулуштун алдында турат. 12 жылдык билимге өтүүгө, анын концепциясын иштеп чыгууга  да катыштым. Ошондуктан замандын агымы жана талабы менен чоң иштерге аралашып, эмгегим татыктуу баалаганды, -деди сыйлык ээси Абакир Мамытов.

Билим берүү жаатындагы салымдары үчүн Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети «Даңк» ордени менен сыйланды.

Бир кылымдык тарыхы бар жогорку окуу жайдан кезинде өлкөбүзгө белгилүү болгон сүрөтчүлөр Гапар Айтиев, Сабырбек Акылбеков, акын-жазуучулар Жоомарт Бөкөнбаев, Темиркул Үмөталиев, Түмөнбай Байзаков, Жунай Мавлянов, Муктар Борбугулов, Төлөгөн Мамеев, Омор Сооронов, академик Муса Адышев жана башка өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, адабиятка, маданиятына, илимине, билимине эбегейсиз зор салым кошкон инсандар таалим-тарбия алышкан.

Мамлекеттик сыйлык ээлери: залкар жазуучу жана билим берүү менен илимдин чыгаан ишмерлериОшондой эле “Даңк” ордени менен Ош региондук медициналык колледжинин директорунун финансылык-административдик иш боюнча орун басары Джумакан Омукеева да сыйланды.

Даңк” медалы менен И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин электромеханика кафедрасынын профессору Жалалидин  Галбаев, Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Нестандаражан Макешова, Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын ардагери Замиракан  Мамадалиева, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин курулуш контрукциялары, имараттар жана курулмалар кафедрасынын профессору Конушбек Темикеев  сыйланды.

Мамлекеттик сыйлык ээлери: залкар жазуучу жана билим берүү менен илимдин чыгаан ишмерлериКыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” мамлекеттик ардак наамы менен сыйлагандар:

Бишкек шаарынын Ленин районундагы № 9 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин директору Зейнеп Арстанбекова, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын З. Исаева  атындагы № 4 мектеп-гимназиясынын тарых мугалими Өмүркүл Карачева, Баткен облусунун Кадамжай районунун С. Айни атындагы № 15 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Салтанат Мергенбаева, Чүй облусунун Чүй районунун Кошой айылынын орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Наскүл  Турумбекова.

“Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наамына ээ болгондор:

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, И. Арабаев  атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору Шаршеналы Алиев, И. Раззаков  атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин механика жана өндүрүштүк  инженерия кафедрасынын профессору Жеңишбек  Тургумбаев.

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наамы менен сыйлангандар:

Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын профессору Байболот Абытов,  Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессору Жаныбек  Жакыпбеков, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасынын профессорунун милдеттерин аткаруучу Айша Карымшакова, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору Коңуржан Төрөгелдиева.

Мамлекеттик сыйлык ээлери: залкар жазуучу жана билим берүү менен илимдин чыгаан ишмерлериАрдак наамга ээ болгондордун бири Алмазбек Токтомаметов мындай деди: “Мамлекетибиз тарабынан жасаган эмгегибиз татыктуу баалап жатат деп түшүнөм. Анткени ушул 12 жылдык “Алтын Казык” программасы боюнча биз Кыргызстанда билим берүүдө өзгөрүүлөрдү киргизип жатабыз”.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлангандар:

“Кыргызстан Маариф” коомдук фондунун директорунун академиялык маселелер боюнча орун басары Кыялбек Акматов, Ош облусунун Кара-Суу районунун К. Момбеков атындагы № 101 орто мектебинин физика жана математика мугалими Шарипа Акматова, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын Ю.А. Гагарин атындагы № 4 инновациялык мектеп гимназиясынын директору Елена Дубинина, Баткен облусунун Кадамжай районунун М. Юсупов атындагы № 12 орто мектебинин география мугалими Ширинхон Маматжонова, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын № 4 мектепгимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлбара Мамытова, М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп интернатынын директору Разия Сырдыбаева жана билим берүү тармагынын ардагер Идаят Эргешова

 Саналуу күндөн кийин жыл жаңырат.Эски жылды жыйынтыктап, жаӊы жылга изги тилек артып турган чакта бийик даражалуу сыйлык алган билим берүүнүн жана илимдин таанымал ишмерлерин келаткан жаңы жыл жана сыйлыктары менен чын дилимден куттуктап, чың ден соолук, узак өмүр, иштериндеги ийгиликтери каалайбыз!

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер