МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТЫН ЭЭЛЕРИ — ЖАШТАРГА ҮЛГҮ

  • 07.10.2019
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Мамлекеттик сыйлыктарга билим берүү тармагынын өкүлдөрү да ээ болушту.  Алсак, “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими» наамы менен Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы ОТКГнын директору Сайрагүл Атаева жана Таластагы Манас районуна  караштуу Бала-Саруу орто мектебинин физика сабагынын мугалими Сагынбүбү Баялышовалар сыйланышты. Жогорку мамлекеттик сыйлыктын ээлеринин жетишкендиктерине жана бейнелерине саресеп салып көрөлү.

МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТЫН ЭЭЛЕРИ - ЖАШТАРГА ҮЛГҮ

           Мезгил менен адымдаш бараткан жаңычыл жетекчи

Бишкек шаарындагы белгилүү Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплексине Сайрагүл Атаева директор болуп келгенине он төрт жылдын жүзү болду. Ата тарбиясын бекем туткан Сайрагүл эжей  директор болуп келген күндөн тарта окутуу кыргыз тилиндеги мектепте сапаттуу билим берүү, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, жамаатты бир үй-бүлөдөй ынтымакта алып жүрүү ж.б.у.с. толгон-токой маселелерди күн тартибине коюп, аны аз убакытта  жеринде чечип,  бир топ ийгиликтерге жетишти. Өткөн жылы КР Президенти Сооронбай Жээнбеков мектепте болуп, жамааттын иш-аракеттери менен таанышып, ыраазы болгонун жазганбыз. Директордун 14 жылдан бери күн-түн жамааты менен бирге иштеген иштеринин акыбети кайтып, 2012- жана 2014-жылкы шаардык  “Жүрөгүм менин балдарда” аттуу кароо-сынакта №69 ОТК гран-прини утуп алып, республикалык сынакта да калыстар тобунун купулуна толуп, эки жолу тең “Эң мыкты мектеп” деген наамга татыса, быйыл мектеп жетекчиси мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп, “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими» наамына татыктуу болуп отурат.

МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТЫН ЭЭЛЕРИ - ЖАШТАРГА ҮЛГҮ

— Директор болуп келгенимде менин жүрөгүмдү өйүгөн нерсе – кыргыз мектептерине коомчулук, ата-эне тарабынан ишенбөөчүлүк көрсөткөнү болгон. “Кыргыз мектептеринде талаптагыдай билим берилбейт” деген сөздөр намысыма тийген. Ошондо белимди бекем бууп, иштерман жамаат менен бирге буга чейин орус мектептеринде иштеп, топтоп келген тажрыйбамды пайдаланып, жаңы ыкмаларды окутуу процессине киргизип, бир топ жакшы ийгиликтерди жарата баштадык. Менин негизги принцибим — таза иштөө. Коом, мамлекет жана келечек үчүн бардык аракеттерди жумшаш керек, — дейт мектеп жетекчиси.

№69 гимназияда гуманитардык багытта: кыргыз тили жана адабияты, андан соң кытай жана немис тилдерин тереңдетип окутуу  каралган. Тилдерди өздөштүрүү жаатында сөзгө алаарлык жетишкендиктерди айтсак болот.

Гимназияда немис тили 2004-жылдан бери тереңдетилип окутулат  жана  ZFA , DAAD, PAD  өкүлчүлүгү менен биргеликте иш алып барат.  Азыр немис тили талапка ээ болбой жаткан учурда гимназияда бул маселе турган жок. Балдар өздөрүнүн каалоосу менен барып окушат. 11-класска келгенде окуучулар бул тилде эркин сүйлөп калышат.

№69 ОТК бир эле немис тилин тереңдетип окутуу менен чектелген эмес. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин алдындагы Конфуций институтунун колдоосу менен кытай тили буга чейин предмет катары киргизилсе, эми бул тилди дагы тереңдетип окута башташты.

— Учурда  11 класс-комплект  кытай тилин тереңдетип окуйт. Азия континенти боюнча Конфуций класстары 2012-жылы биринчи жолу № 69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында  ачылган.

Кытай тили бирикмесинин башкы максаттары — окуучуларга сапаттуу билим алууга  шарт түзүп берүү, окуучулардын  жеке кызыгуусуна ылайык дифференциалдуу окутуу жүргүзгөнгө шарт түзүү, кытай тилин эркин сүйлөө  менен бирге зарыл чөйрөдө колдоно билүүгө үйрөтүү. Гимназия жыл сайын тереңдетилген кытай тили боюнча республикалык, шаардык деңгээлдеги  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук  унверситетинин алдындагы  Конфуций институту тарабынан уюштурулган мектептер арасындагы ар түрдүү  кароо-сынактарда байгелүү орундарга ээ болуп келишүүдө. Биз инновациялык мектеп катары мүмкүнчүлүктөрүбүз арбын. Маселен, немис менен кытай тилдерин тереңдетип окутууга кошумча сааттарды, чектөө сааттарды жогорураак кабыл алып, аны гимназиялык компонент  аркылуу өткөрүп жатабыз. Ошол сааттардын эсебинен биздин мүмкүнчүлүк жогорулады, — дейт мектеп жетекчиси.

Баса белгилей кетчү жагдай, №69 гимназияда «SMS-Күндөлүк»  кызматы ишке кирген болчу, азыр жалпы эле «Коопсуз мектеп» долбоорунун алкагында иштей баштады.  «Коопсуз мектеп» долбоору мектепке бөлөк-бөтөн адамдардын кирүүсүнө тоскоолчулук гана болбостон, окуучулардын мектепке кирүү/чыгуусу тууралуу маалыматты онлайн режимде ата-энелерине маалымдап, кечигүү жана сабакка келбей коюусун көзөмөлдөөгө  QR-коду бар индивидуалдуу карталардын жардамы менен билим берүү сапатынын өсүшүнө өбөлгө түзүүдө. Кыскасы, Сайрагүл Атаева мезгил менен адымдаш бараткан жаңычыл жетекчи.

            Атаевдердин мугалимдик династиясы

Сайрагүл эжейдин атасы Токтосун Атаев 1969-жылы Корумду айылындагы мектепте директор болуп көп жыл иштеди. Анын эмгегин баалаган айылдаштарынын демилгеси менен  2006-жылы анын аты  мектепке коюлган.

— Улам жаш өткөн сайын атамдын  билим берүү  системасында  калтырган изин талдап, анализдеп, бардык жакшы жактарын мектепте пайдаланып, айткан насааттарын аткарууга аракеттенемин. Атамдын атын  уяткарбасам экен деген ой менен иштейм. Элге жарыялабасам дагы,  атам ар дайым менин жүрөгүмдө. Ошондон уламбы, айтор,  иште жоопкерчиликти  биринчи орунга коем.  “Атаң өлсө дагы, атаңды көргөн өлбөсүн” дегендей, Токтосун Атаев менен иштеген, ал кишинин колунан билим алган окуучулардын пикири ар дайым мени чыйралтып, тарбиялап келет.

Мугалимдик кесипти тандап алуу деле түздөн-түз атама байланыштуу.  Анан дагы  ал киши китепке абдан өзгөчө мамиле кылчу. Кандай жаңы китеп үйгө алып келбесин бир туугандар талашып окучубуз. Ошондуктан болсо керек үй-бүлөдөн экөөбүз филолог болуп чыктык.

Т.Атаев атындагы мектептин директору болуп Атаева Майрамкүл Токтосуновна иштейт. Бул сиңдимдин иши эки эсе жоопкерчиликтүү. Биринчиден, директор катары жооп бериши керек, экинчиден, Токтосун Атаевдин иштеген мезгилиндеги ишин жогорку деңгээлге жеткирүүнү талап кылат.  Мектептин тышкы көрүнүшү авариялык абалда болчу. Ал абалды оңдоо үчүн Майрамкүл бир топ иштерди аткарды. Алган айлыгын ушул мектептин өнүгүшүнө салган учурлары болду, — дейт Сайрагүл Токтосуновна.

Кичүү сиңдиси Гүлмира Казакстандагы Уральск шаарында билим берүүнүн башкы адиси. Мына ушул Атаевдердин мугалимдик династиясы бүгүн да уланып жаткандыгын Сайрагүл эжейдин кызы Жазира Турдугуловна да мектепте үзүрлүү эмгектенип жаткандыгы айгинелейт.

Сайрагүл Токтосуновна балдарды окутуп-тарбиялоодо өзүнүн жаңычылдыгы, өзгөчөлүгү, креативдүүлүгү менен башкалардан айырмаланып турат. Билим сапатын жогорулатуунун сырларын дайыма кесиптештери менен бөлүшүп, аларды үйрөтүп келген чыгармачылыл, мыкты жетекчи. Анын талыкпаган эмгегинин үзүрү — бүтүрүүчүлөрү чет мамлекеттерде билим алып, мыкты адис болуп чыга келгенинде. Ал ар бир окуучунун, мугалимдердин өзгөчөлүгүн көрө билген, ийгиликке шыктандырган, талантынын ачкычын ача билген мыкты саяпкер.

С.Атаева мектеп тарыхында эле эмес, Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орду бар инсан.      Келечек муунга, коомго жасаган эмгектери, мыкты уюштуруучу, чыгаан жетекчи, тажрыйбалуу педагог катары ал башкаларга өрнөк. Билим берүү тармагында үзүрлүү, жемиштүү эмгеги үчүн мамлекет, коом тарабынан бааланып КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, “КРнын Эл агартуунун отличниги”, ошондой эле кыргыз тилдүү мектепти өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын Ардак грамотасы, КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгисинин сыйлыктарына ээ болду. Ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп турган чакта шайлоочуларынын ишенимин толук аткарды.

      Техниктерди даярдаганга басым жасаган элеттик мугалим

МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТЫН ЭЭЛЕРИ - ЖАШТАРГА ҮЛГҮ

      Сагынбүбү Баялышова мугалимдик эмгек жолун 1979-жылы Манас районундагы Пушкин орто мектебинде баштаган. 1983-89-жылдары Бала-Саруу орто мектебинде башталгыч класстын мугалими, 1989-жылы директордун окуу-тарбия боюнча орун басары, 1990-92-жылдары мектептин директору болуп иштеди.  1992-жылдан бери  физика сабагынын мугалим болуп эмгектенип келатат. Ушул  иштеген жылдардын арасында ал өзүнүн эң мыкты сапаттарын көрсөтө алды. Окуткан окуучулары райондук, облустук олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды камсыз кылышты. Өзү жетектеген “Жаш техниктер” ийриминдеги балдар республикалык сынактарга катышып, алдыңкы орундарга ээ болуп келишүүдө.

Айрыкча “Жаш техниктер” ийриминин ийгиликтери жөнүндө айтсак, 2008-жылы Ош шаарында өткөн “Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” деген жаштардын Эл аралык симпозиумуна эжейдин 11-класстагы окуучусу Сарыбаев Сулумбек катышып, “Жаңы теоретикалык иштелмелер жана моделдер” номинациясы боюнча 3-орунга ээ болуп, диплом жана баалуу белектер менен сыйланган. Ошол жылы ал И.Раззаков атындагы КТУга бюджеттик орунга кабыл алынып, аны ийгиликтүү окуп бүтүп, азыркы учурда иштеп жатат. 2010-жылы Бишкек шаарында өткөн “Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” эл аралык форумуна 9-класстын окуучусу Өмүрбек уулу Алманбет катышып, 2-орунга ээ болуп, диплом жана баалуу сыйлыктарга ээ болгон. 2011-жылы Бишкек шаарында өткөн эл аралык форумуна эжейдин эки окуучусу катышып, т.а. 10-класстын окуучулары Дыйканбек уулу Бактыбек 1-орунга, Өмүрбек уулу Алманбет 3-орунга ээ болуп, 1-3-даражадагы диплом, сертификат жана баалуу сыйлыктарга татыктуу болушкан. Кыскасы кийинки 2012-жылдан азыркыга чейин дагы С.Баялышованын окуучулары Айталиев Арген, Айдар уулу Кубатбек, Айткулов Талас, Арстанбеков Сымбат, Рыскул уулу Сыдык жана Эсенбек уулу Күмүшбектер  “Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” эл аралык форумуна катышып, байгелүү орундарды багынтып келатышат. Мына ушулардын бардыгы эженин үзүрлүү эмгегинин жемиши болуп эсептелет. Илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Сагынбүбү Баялышова республикалык “Алтын түйүн” инженердик-техникалык академиясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

—   40 жылдык үзүрлүү  эмгегимди баалап, Президентибиз С.Жээнбековдун колунан «КРнын Эмгек сиңирген мугалими» деген наам алып, кубанып турган учурум. Сыйлыкты алуу оңойго турган жок. Бир күн мектепке барбай калсам, жаман болом.  Мектепте физика мугалимдери жокко эсе. 2008-жылдан баштап “Жаш техник” деген ийрим уюштургам. Техникага кызыккан балдар бар. Ар бир класстан 2-3 окуучу катышат. Жылда райондук, облустук, республикалык олимпиадаларда 2-3 окуучуларым чыгып турат.  Физикага кызыккандар аз, ушул сабактан мугалим болом дегендер жокко эсе. Быйылкы окуу жылында райондон, облустан олимпиадада жеңген окуучумду «сен физик болосуң» десем, ал Таластагы университеттин физика факультетине бюджетке өттү. Эми дагы бир окуучумду мугалимдикке даярдап жатам, — дейт С.Баялышова.

С.Баялышова көптөгөн сыйлыктардын ээси. Алсак, ал “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, “Кутман айым” медалы, “Ак элечек даткайым” төш белгиси жана көптөгөн мекеме-уюмдардын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланып келатат.

Урматтуу кесиптештер, сыйлыгыңыздар кут болсун!

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер