МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА АЧЫК КОНКУРС
- 01.12.2023
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн (Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Өзгөн (шаардык), Көк-Жаңгак, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Кызыл-Кыя, Ак-Талаа, Тоң, Жети-Өгүз, Сокулук райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү), административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы тобуна кадрлар резервин түзүү максатында 2023-жылдын 1-декабрынан тартып 2023-жылдын 12-декабрына чейин ачык конкурс жарыялайт.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
— жеке арызы;
— өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
— резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү;
— соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты.
Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257.
Кабыл алуу мөөнөтү: 2023-жылдын 1-декабрынан тартып 2023-жылдын 11-декабры саат 18.00 го чейин.
Байланыш телефону: (0312) 62-05-09, кабинет № 219. (КР БИМ Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аида).
Толугураак — https://edu.gov.kg/announcements/321/
Комментарийлер