МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА АЧЫК КОНКУРС

  • 11.03.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2023-жылдын 11-мартынан тартып 2023-жылдын 28-мартына чейин ачык конкурс жарыялайт.

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА АЧЫК КОНКУРС

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

— жеке арызы;

— өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);

— резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);

— нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү;

— соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты.

Талапкерлерге коюлган талаптар жөнүндө кененирээк маалымат  — https://edu.gov.kg/announcements/210/

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2023-жылдын 11-мартынан тартып 2023-жылдын 28-марты саат 18:00 гө чейин.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 219-кабинет (Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аида).
Дареги: Бишкек шаары, К. Тыныстанов көчөсү, 257.
Байланыш телефону: (0312) 62-05-09

Бөлүшүү

Комментарийлер