МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ ЭЛЕКТРОНДУК ФОРМАТКА ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА ИШТЕР КҮЧӨТҮЛҮШҮ КЕРЕК

  • 13.02.2020
  • 0

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү боюнча иштер күчөтүлүшү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин 2019-жылдагы иштердин жыйынтыгы жана 2020-жылдын планы боюнча өткөрүлгөн коллегияда билдирди.

Коллегияда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылын, «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформация концепциясы боюнча «Жол картаны» ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан коюлган милдеттерди иш жүзүнө ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү заманбап жана ыңгайлуу шартта калкка кеңири жеткирүү максатында мамлекеттик, муниципалдык ооргандардын жана жеке сектордун электрондук өз ара кызматташуу чөйрөсүндө жаңы технологияларды жана ойлоп табууларды ыкчам ишке киргизүү боюнча жумуштарды улантуу зарыл экенин белгиледи. «Жарандар үчүн электрондук форматтагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатуу жана ыңгайлуу болушун камсыз кылуу шарт. Былтыр бул багытта чоң иштер жасалды. Калкка кыска мөөнөттүн аралыгында  сапаттуу мамлекеттик санариптик кызмат көрсөтүү ишин улантуу керек.  Алдыга кете турган батыбыз белгилүү. Учурда «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору аркылуу бирдиктүү системага 62 мамлекеттик орган жана мекеме кошулду. Эми санариптештирүүнүн бардык артыкчылыктары иш жүзүндө калкка сезилерлик болуш керек», — деди Кубатбек Боронов.

Коллегиянын жүрүшүндө байланыш тармагындагы кызмат көрсөтүү жана IT-технологиялардын өнүгүшү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Почта байланышындагы улуттук операторлордун ишмердүүлүгүнө жана ата мекендик туристтик дараметти көтөрүүнү шарттай турган почта маркаларын чыгарууга көңүл буруу керектиги белгиленди.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер