МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 01.02.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, И. Арабаев атындагы КМУнун, К. Карасаев атындагы БМУнун, Т. Эрматов атындагы БМПКнын өкүлдөрү, ошондой эле Дүйнөлүк Банк, Ага Хан Фонду, ЮНИСЕФтен өнөктөштөр катышты.

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” Мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашыруу, жана   талкуулоого багытталды. Аталган стандарт 2020-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №363 токтому менен бекитилген. Ошондой эле, кеңешмеде “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” Мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашыруу жөнүндө” иш-чаралардын планы тааныштырылды.

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Жолугушуунун жыйынтыгында алдыда аткарылчу иштер пландалды:

  • КР ББИМдин 2021-2023-жылдарга Иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруу боюнча координациялык комитетинин иши жөнүндө жобону карап чыгуу жана бекитүү;
  • Мектепке чейинки билим берүү программасынын түзүмүнө коюлуучу талаптарга жаңы мамлекеттик стандартка ылайык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
  • Мектепке чейинки билим берүү программасынын түзүмүнө коюлган талаптарга жана жаңы мамлекеттик стандартка ылайык, мектетке чейинки билим берүү программаларын иштеп чыгу;
  • И. Арабаев атындагы КМУ, К. Карасаев атындагы БМУнун базасында семинарларды жана тренингдерди өткөрүү үчүн аянтча түзүү. Аянтча мугалимдерди мектепке чейинки билим берүү программасынын структурасына болгон талаптары жана мамлекеттик стандарт менен, ошондой эле окуу пландары, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын мектепке чейинки билим берүү адистиктери боюнча окуу-методикалык комплекстери, тарбиячылардын квалификациясын жогорулатуу боюнча курстар ж.б. менен тааныштырат;
  • Кыргыз Республикасынын Билим беруу жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун платформасындагы мектепке чейинки билим берүү боюнча курстардын мазмунун кайра карап чыгуу.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер