МАМКАТЧЫ А.КОЙЧИЕВ ОШ ШААРЫНЫН ЖАШ АКТИВИСТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

  • 05.11.2026

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Бишкек шаарында Ош шаарынын жаш активисттери, жогорку окуу жайлардын студенттери, ошондой эле түштүк борбордун мэриясынын жана аялдар комитеттеринин өкүлдөрү менен маанилүү жолугушуу өткөрдү. МАМКАТЧЫ  А.КОЙЧИЕВ ОШ ШААРЫНЫН ЖАШ АКТИВИСТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн коомдук-саясий, экономикалык жана маданий турмушунда жаштардын ээлеген орду, ошондой эле  жаңы муундун алдында турган жооптуу милдеттер ар тараптан талкууланды.

Стратегиялык ресурс жана заманбап чакырыктар

Талкуу учурунда Кыргызстандын экономикалык жана маданий тармактагы жетишкендиктери, улуттук баалуулуктарды сактоо, жарандык иденттүүлүктү чыңдоо жана заманбап глобалдык чакырыктарга туруштук берүү маселелери көтөрүлдү.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жаштар мамлекеттин эң негизги стратегиялык ресурсу экенин баса белгилеп, алардын демилгелүүлүгү, билимдүүлүгү жана жарандык жоопкерчилиги өлкөнүн келечегин аныктай турганын белгиледи. МАМКАТЧЫ  А.КОЙЧИЕВ ОШ ШААРЫНЫН ЖАШ АКТИВИСТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

«Бүгүнкү күндө өлкөгө кеңири масштабда ой жүгүртө алган, жоопкерчиликти өзүнө ала билген жана актуалдуу милдеттерди чечүүнүн заманбап жолдорун сунуштай алган жаңы муундагы лидерлер абадай зарыл», — деди Арслан Койчиев.

Ошондой эле ал Кыргызстандын азыркы глобалдык дүйнөдөгү ордуна токтолду. XXI кылым тез өзгөрүүлөр менен коштолуп жатканын белгилеп, Кытай жана Индия сыяктуу ири державалардын курчоосунда жайгашкан Кыргызстан өзүнүн тарыхый тажрыйбасына, маданий мурасына жана кайталангыс иденттүүлүгүнө таянып, өнүгүүнүн өзүнүн уникалдуу моделин ырааттуу түрдө куруусу керектигин айтты. МАМКАТЧЫ  А.КОЙЧИЕВ ОШ ШААРЫНЫН ЖАШ АКТИВИСТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Жаңы маданий элитаны калыптандыруу мезгили

Жолугушууда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Ысык-Көл форумунда көтөргөн демилгелери да эске салынды. Атап айтканда, Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги инсандардын жолун улантып, кыргыз элинин рухий-интеллектуалдык жаңы маданий элитасын тарбиялап чыгаруу маселесине өзгөчө басым жасалды.

Иш-чаранын соңунда жаш муундун коомдук турмушка активдүү аралашуусу, чыгармачыл жана жаратуучулук демилгелерин ишке ашыруусу өлкөнүн келечектеги кадрдык дараметин бекемдөөдө чечүүчү мааниге ээ экендиги белгиленип, катышуучулар менен ачык форматтагы мазмундуу диалог менен жыйынтыкталды.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү