МАМБЕТ ЧОКМОРОВДУН 130 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ

  • 29.10.2026

 29-октябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында залкар манасчы Мамбет Чокморовдун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, белгилүү коомдук ишмерлер, илим жана маданият өкүлдөрү катышты. МАМБЕТ ЧОКМОРОВДУН 130 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ

Бул маданий салмактуу жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу, улуттук руханий мурасты сактоо жана аны кеңири жайылтуу максатында уюштурулду. МАМБЕТ ЧОКМОРОВДУН 130 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТТҮ

Салтанаттын жүрүшүндө кыргыз элинин руханий байлыгын сактоого жана кийинки муундарга аманат катары өткөрүүгө зор салым кошкон залкар манасчы Мамбет Чокморовдун өмүр жолу, феноменалдуу чыгармачылыгы жана манасчылык өнөрдү өнүктүрүүдөгү ээлеген орду кеңири эскерилди. Ошондой эле кечеде манасчынын бай мурасын даңазалоого жана жаш муунду улуттук баалуулуктарга тарбиялоого багытталган усулдук-маданий иш-чаралар тартууланды.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү