Мал чарбасынын даркан ишмери Койчуман Мокешов дүйнөдөн кайтты
- 29.06.2026
- 0
Жети-Өгүз районунун Ардактуу атуулу, көп жылдар бою Кыргыз ССРнин, кийин эгемен Кыргыз Республикасынын мал чарбасынын өркүндөп өсүшүнө опол тоодой эмгек сиңирген ишмер Мокешов Койчуман 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
- Мокешов Койчуман 1936-жылы Саруу айлында жарык дүйнөгө келген. 1961-жылы Айыл чарба институтун бүтүргөндөн кийин, өзүнүн эмгек жолун алыскы Алай районундагы «Алай» совхозунда башкы зоотехник болуп иштөөдөн баштаган. Өз ишине тың жаш адисти байкаган жетекчилер бат эле 1965-жылы Кара-Суу районундагы племзаводго которуп, ал жердеги үзүрлүү эмгеги үчүн жап жаш кезинде 1967-жылы эле Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1968-жылы Өзгөн районундагы Түштүк-Кыргызстан мал чарба тажрыйба станциясында (ЮКОС) директор болуп дайындалып, беш жыл эмгектенген.
Ысык-Көлдөгү белгилүү ардагер Мурат Жетимишбаевдин айтымында, ошол жерде эмгектенип жүргөндө «Кекилик учаар» деген жерде 1937-жылдары репрессия курмандыктары көмүлгөн жерди биринчи изилдеп, аныктап тиешелүү органдарга биринчи билдирген экен.
1973-жылы Оргочор асыл тукум заводуна келип, 25 жыл үзүрлүү эмгектенген. Мал чарбасына сиңирген эмгеги үчүн көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон.
P.S. Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага кайын атасынын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу кайгысын тең бөлүшүп кайрат айтабыз.
Комментарийлер