МАКСАТЫНА УМТУЛГАН МАРАТ
- 13.10.2023
- 0
Ааламга кеткен жол айылдан башталат эмеспи. Анын сыңарындай, Өзгөндүн Куршаб айылынан чыккан бир кара бала кыргыз футболунун келечеги үчүн кызмат кылып жаткандыгы баарыбызды кубандырат.
Жаштайынан спортко кызыккан Марат Мамасыдыков өзүнүн максатына жетүү үчүн жигердүүлүк менен аракет кылып, бир топ ийгиликтерди жаратты. Өзү ойногон командасынын дарбазачысы катары Кыргызстандын беш жолку чемпиону болду. Бир топ чет мамлекеттерде да ойноп, мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн ар кандай сыйлыктарга татыган. Спорттун чебери. Мындай ийгиликтерин санай берсек, бир топ. Марат учурда Кыргызстандын курама командасынын жаш дарбазачыларын машыктырат.
Балдардын мыкты футболчу болуусуна өзүнүн зор салымын кошуп келет. Жаштайынан Кыргызстандын курама командасында ойносом деген кыялы бар болчу. Ал кыялына өзү жетпесе да, минтип тарбиялаган шакирттери жетип, өзү ошол курама командага машыктыруучу болуп, өзү ойногондой, кыялы орундалгандай, кубанычы койнуна батпай жаткан кези. Өз ишиңе кайдыгер карабаган Марат дарбазаны коргоонун көптөгөн ыкмаларын үйрөтүп, өз чеберчилигин да арттырып турат.
Маратта кыргыз жигиттерине таандык өжөрлүк, кайраттуулук сапаттары менен бирге бирөөнүн көңүлүн оорутууну билбеген боорукерлиги да бар. Менимче, ата-энесинин уулуна берген туура тарбиясы өз жемишин берүүдө.
Ал өзүнө да, шакирттерине да талапты коё билет. Мамасыдыков Мараттай спортчулардын, машыктыруучулардын эмгеги аркылуу буйруса, кыргыз футболу бир топ бийиктиктерди багындырат деп айта алабыз. Бар бол, алакандай Куршабдан ааламга кадам таштаган Марат!
Узен АТАКАНОВ, Аксы району
Комментарийлер