МАКСАТ АЙЫЛЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫ ОНЛАЙН ОКУШАТ

  • 28.09.2022
  • 0

Лейлек районундагы Максат айылынын талкаланган мектеби жана бала бакчасы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, экинчи чейректе пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жээмуратов билдирди.  

 

Мектептин ремонту бүткөнгө чейин бул айылдын балдары онлайн окуп турушат.

  • Буюрса, келе жаткан дүйшөмбү күндөн баштап айылдын балдарын онлайн окутуп баштайбыз. Кечээ айылга барып мугалимдер менен жолугуп, сүйлөшүп келдим. Даярдык иштери башталды. Анын үстүнө азыр айыл эли үйлөрүнө кайтып келе элек, — дейт Улукбек Жээмуратов.

Лейлек районунда жалпы 66 мамлекеттик, бир жеке мектеп, 53 муниципалдык, он жеке бала бакча бар. Учурда Максат айылындагы мектеп менен бала бакчадан башканын баары толук кандуу иштеп жатат.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер