МАЙСАЛБЕКТИН КАТЫН МЫКТЫ ОКУГАН ОКУУЧУ

  • 20.05.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы Абдыкерим Сыдыков атындагы №72 мектеп-гимназиясында адабиятка шыктуу окуучулар арбын.

МАЙСАЛБЕКТИН КАТЫН МЫКТЫ ОКУГАН ОКУУЧУ

Досалиев Осмон жогоруда аты аталган гимназиянын 7″г» классында окуйт. Ал жаштайынан көркөм адабиятка жакын.

МАЙСАЛБЕКТИН КАТЫН МЫКТЫ ОКУГАН ОКУУЧУ

Чыгармачылыкка дилгир окуучу Жеңиштин 75 жылдыгына жана Энелер күнүнө карата Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинен Майсалбектин катын практикант эжейинин көмөгү аркылуу даярдады.

-Абдан таланттуу бала экен. Текстти таап берсем, бат эле жаттап алды,- дейт учурда гимназияда аралыктан адаптациялык практика өтүп жаткан И.Арабаев атындагы КМУнун физика-математикалык билим берүү факультетинин 2-курсунун студенти Майрам Тойчубаева.

МАЙСАЛБЕКТИН КАТЫН МЫКТЫ ОКУГАН ОКУУЧУ

Өспүрүм окуучунун бул ийгилигине билим-тарбия беришкен мугалимдери да кубанууда.

— Осмон адабият, тарых сабагына кызыгат. Мектептеги бардык иш- чараларга активдүү катышып жүрөт.
Кандай тапшырма берилбесин, аны так аткарууга  аракеттенет, — дейт класс жетекчиси Шокеева Гүлнара.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер