МАЙРАМБЕК ТОКТОРОВ ТҮРКСОЙдун СЫЙЛЫГЫН АЛДЫ

  • 05.03.2018
  • 0

 МАЙРАМБЕК ТОКТОРОВ ТҮРКСОЙдун СЫЙЛЫГЫН АЛДЫ

Сүрөттө ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен КАСЕИНОВ Майрамбек ТОКТОРОВго Улуттук филармонияда сыйлык тапшырып жаткан учуру. 

Белгилүү акын, журналист, «Кутбилим» газетасынын башкы редакторунун орун басары Майрамбек ТОКТОРОВ Эл аралык ТҮРКСОЙдун «Жусуп Баласагын-1000» медалы, 500 АКШ долларынын сертификаты жана уюмдун эстелик белектери менен сыйланды.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданиятын колдоо багытында уюшулган бул эл аралык уюм өз демилгеси менен «Беш акын» теледолбоорун Кыргыз Улуттук жазуучулар союзу, мамлекеттик ЭЛТР каналы менен биргеликте уюштуруп, акындардын арасында республикалык деңгээлдеги сынактарды өткөрүп келе жатканы журтчулукка белгилүү. Өткөн жумада аталган уюмдун 25 жылдык юблейлик иш-чараларынын алкагында ошол долбоордун жыйынтыгы чыгарылып, беш айланпада жеңгендерди сыйлоо аземи Улуттук филармонияда болуп өттү. «Беш акын» акындардын жарышында биринчи орунга чыгып, жеңүңүүчү аталган Майрамбек Токторовго Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, профессор, белгилүү композитор, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касеинов ТҮРСОЙдун абройлуу «Жусуп Баласагын-1000» медалын, 500 АКШ долларынын сертификатын жана уюмдун эстелик белектерин салтанат менен тапшырды. Биз Майрамбек Токторовду бул эл аралык деңгээлдеги сыйлыгы менен чын дилден куттуктап, зор чыгармачылык ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.

«Кутбилим» газетасынын эмгек жамааты  

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер