МАХАБАТ МАРАТОВА — «БОЛЬШАЯ ПЕРЕМЕНА» ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ
- 24.07.2024
- 0
Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Д.Дүйшебаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 11-классынын окуучусу Маратова Махабат РФнын президентинин администрация жетекчисинин биринчи орун басары С.В Кириенконун «Большая перемена» долбооруна катышып, 1-даражадагы диплом менен сыйланды.
— Долбоор Россиянын алдыңкы команияларын, университеттерин, федералдык балдар борборлорун сиздин идеяларыңызды ишке ашыруу үчүн мейкиндикти түзүп, балалыкты жаркын кылгандардын баарын бириктирет. «Чон өзгөрүү» — бул атаандаштык эмес. Долбоор федералдык балдар борборлорун, бүткүл россиялык балдар кыймылдарын жаңы форматтагы билим берүү долбоорун, алдыңкы университеттерди жана Россиялык ири компанияларды бириктирет. Бул балдардын чоң жамааты, — дейт Талас билим берүү усулдук борборунун усулчусу Өмүргазы Ыстамбек уулу.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер